Skip to content
القَصَص /

Аят 43

28 : 43

Аят 43 of القَصَص (28 : 43). This page carries the verse in the Uthmani script with a translation of its meaning, at a stable URL that can be cited on its own.

القَصَص Аяттар 88
28 : 43

وَلَقَدۡ ءَاتَيۡنَا مُوسَى ٱلۡكِتَٰبَ مِنۢ بَعۡدِ مَآ أَهۡلَكۡنَا ٱلۡقُرُونَ ٱلۡأُولَىٰ بَصَآئِرَ لِلنَّاسِ وَهُدٗى وَرَحۡمَةٗ لَّعَلَّهُمۡ يَتَذَكَّرُونَ

Жана Биз Мусага Китепти (Тооратты) адамдар үчүн ырайым, туура жол жана (акыйкатты көрсөтүүчү) нур кылып бердик, абалкы муундарды (жалпысынан) кыйратканыбыздан кийин. Кана эми, (адамдар) сабак алышса!

Explanation & meanings · 1
  1. Бул аяттагы «Китепти ... абалкы муундарды (жалпысынан) кыйратканыбыздан кийин бердик» деген сөзгө таянып, уламалар «Тоорат түшкөндөн баштап, пайгамбарларды жалганчы кылган элдерге жалпы кыйратуучу азаптын түшүүсү токтогон. Анын ордуна Аллах ыймандуу пенделерге жихад амалын парыз кылган» дешет.