27 : 56
۞ فَمَا كَانَ جَوَابَ قَوۡمِهِۦٓ إِلَّآ أَن قَالُوٓاْ أَخۡرِجُوٓاْ ءَالَ لُوطٖ مِّن قَرۡيَتِكُمۡۖ إِنَّهُمۡ أُنَاسٞ يَتَطَهَّرُونَ
Коому ага (шылдыңдаган абалда): “Луттун үй-бүлөсүн (жана аны менен бирге болгон ыймандууларды) айылыңардан четке чыгарып таштагыла! Алар таза адамдар экен!” – деген сөз менен гана жооп берди.
Explanation & meanings · 1
- Анан аларга азап берүү үчүн Аллахтын эки периштеси сулуу жигит кейпинде Луттун үйүнө келишет. Луттун кемпири бузукулардын ишин туура көргөн каапыр болчу. Ал ыплас адамдарга чуркап барып: «Луттун үйүнө эки сулуу жигит келди» деп сүйүнчүлөдү. Алар бири-биринен озушуп, жетип келип, эки «жигиттен» үмүт кылып калышты. Бирок, «жигиттер» Лутка түнү менен үй-бүлөңдү алып шаардан чыгып кетүүнү дайындап, кайып болушту. Лут кемпиринен башка үй-бүлөсүн чыгарып кетери менен ыпыластардын үстүнө таш жамгыры жаап, жер оодарылып, кыйрап калышты!