25 : 53
۞ وَهُوَ ٱلَّذِي مَرَجَ ٱلۡبَحۡرَيۡنِ هَٰذَا عَذۡبٞ فُرَاتٞ وَهَٰذَا مِلۡحٌ أُجَاجٞ وَجَعَلَ بَيۡنَهُمَا بَرۡزَخٗا وَحِجۡرٗا مَّحۡجُورٗا
Ал (Аллах) эки деңизди (жанаша) агызып койду. Мунусу (дарыя) ширин-даамдуу, анысы (деңиз) шор-кычкыл. Жана экөөсүнүн арасына (бирин-бири бузбай, бирин экинчисине аралаштырбай турган, көрүнбөгөн) бекем тосмо кылды.
Explanation & meanings · 1
- «Көрүнбөгөн тосмо» - бул эки суунун составынын бири бирине аралашып кетишине тоскоолдук кыла турган элементтер. «Бекем-бышык парда» бул кадимки эле жээк-тосуктар.