Skip to content
Хаж /

Аят 19

22 : 19

Аят 19 of Хаж (22 : 19). This page carries the verse in the Uthmani script with a translation of its meaning, at a stable URL that can be cited on its own.

Хаж Аяттар 78
Сүрө · Хаж
Kyrgyz · Hakimov
22 : 19

۞ هَٰذَانِ خَصۡمَانِ ٱخۡتَصَمُواْ فِي رَبِّهِمۡۖ فَٱلَّذِينَ كَفَرُواْ قُطِّعَتۡ لَهُمۡ ثِيَابٞ مِّن نَّارٖ يُصَبُّ مِن فَوۡقِ رُءُوسِهِمُ ٱلۡحَمِيمُ

Мына бул эки каршылаш тарап (каапырлар менен ыймандуулар) Раббилери жөнүндө талашып-тартышып калышты. Эми каапыр болгондор үчүн (Кыяматта) жалындаган оттон кийим даярдалып, баштарынан кайнаган суу куюлат! (Бул суунун ысыктык даражасы ушунчалык:)

Explanation & meanings · 2
  1. Ыймандуу адамдар Аллахтын Өзүнө ортомчусу жок ибадат кылса гана кабыл алат десе, мушриктер: «Жок, ортомчуларды койсо, алар бизди Аллахка жакындаштырат» дешти. Ал эми, яхудилер менен христиандар «Аллахтын баласы бар» дешти. Сабиилер менен отпарастар дагы Аллах жөнүндө өз пикирлерин айтышты. Бирок, Аллахтын Өзүнө гана, Ага шерик, бала кошпой сыйынгандар ыйманды табышты. Башкалары «Аллах бар» дегени менен Ага шерик кошкону себептүү каапыр болушту.
  2. Каапырларга «катран» деген тикенектүү катуу дарактан кийим кийгизилип, үстүнөн от менен күйдүрүлгөн бойдон, үстүнөн «хамим» деп аталган кайнак суу куюлат.