Skip to content
البَقَرَة /

Аят 154

2 : 154
البَقَرَة Аяттар 286
2 : 154

وَلَا تَقُولُواْ لِمَن يُقۡتَلُ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ أَمۡوَٰتُۢۚ بَلۡ أَحۡيَآءٞ وَلَٰكِن لَّا تَشۡعُرُونَ

Силер Аллахтын жолунда өлтүрүлгөн адамдарды “өлүктөр” деп айтпагыла! Андай эмес, алар тирүү! Бирок, силер муну сезбейсиңер.

Explanation & meanings · 1
  1. Аллахтын дининин жогору болуусу жолунда жан кыйган мусулман “шахид” (шейит) деп аталат. Шейиттер жөнүндө Курандын башка бир сүрөсүндө Аллах таала мындай деген: “Алар тирүү жана Раббисинин алдында (ар түрдүү азыктар) менен ырыскыландырылууда”. Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам айтты: “Шейиттердин рухтары (жандары) бейиштеги жашыл куштардын ичинде болот. Ал куштар бейиш дарыяларынан суу ичишет. Бейиш мөмөлөрүнөн азыктанышат жана Аллахтын Аршына асып коюлган чырактарда баш калкалашат”.