Skip to content
هُود /

Аят 81

11 : 81

Аят 81 of هُود (11 : 81). This page carries the verse in the Uthmani script with a translation of its meaning, at a stable URL that can be cited on its own.

هُود Аяттар 123
Сүрө · هُود
Kyrgyz · Hakimov
11 : 81

قَالُواْ يَٰلُوطُ إِنَّا رُسُلُ رَبِّكَ لَن يَصِلُوٓاْ إِلَيۡكَۖ فَأَسۡرِ بِأَهۡلِكَ بِقِطۡعٖ مِّنَ ٱلَّيۡلِ وَلَا يَلۡتَفِتۡ مِنكُمۡ أَحَدٌ إِلَّا ٱمۡرَأَتَكَۖ إِنَّهُۥ مُصِيبُهَا مَآ أَصَابَهُمۡۚ إِنَّ مَوۡعِدَهُمُ ٱلصُّبۡحُۚ أَلَيۡسَ ٱلصُّبۡحُ بِقَرِيبٖ

(Ошондо жигит кейпиндеги периштелер) айтты: «Оо, Лут! Биз Раббиңдин элчилери болобуз. Алар сага катыла албайт. Сен түндүн (таңга жакын) бир бөлүгүндө үй-бүлөңдү (айылдан) чыгарып кет. Эч кимиңер артына карабасын! Бир гана аялыңды (куткарууга аракет кылба). Чынында аларга (каапырларга) жетүүчү азап ага да жетет. Алардын (өлтүрүлүү) убадалары таңга маал. Таң мезгили жакын эмеспи!»

Explanation & meanings · 1
  1. Анткени, Луттун аялы да ыймансыз болуп, Лутка келген эки жаш, сулуу “жигиттер” жөнүндө чуркап барып, бузукуларга кабар берген болчу.