Skip to content
يُونس /

Аят 66

10 : 66
يُونس Аяттар 109
Сүрө · يُونس
Kyrgyz · Hakimov
10 : 66

أَلَآ إِنَّ لِلَّهِ مَن فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَن فِي ٱلۡأَرۡضِۗ وَمَا يَتَّبِعُ ٱلَّذِينَ يَدۡعُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ شُرَكَآءَۚ إِن يَتَّبِعُونَ إِلَّا ٱلظَّنَّ وَإِنۡ هُمۡ إِلَّا يَخۡرُصُونَ

Уккула, чынында асмандар жана жерде болгондун бардыгы Аллахтын гана мүлкү. Аллахтан башка “кудайларга” дуба (ибадат) кылып жаткандар шек-күмөндөрдү гана ээрчишет жана жалгандарды гана божомолдошот.

Explanation & meanings · 1
  1. Эгер Аллахтан башка алар сыйынган нерселер чындап кудай болсо, асман-жердин бир үлүшүнө кожоюнбу?! Же өз “пенделерине” ырыскы береби?! Кыпындай гана нерсени жоктон жарата алабы?! Же ааламдарды башкарууда шерикпи?! Эгер бул суроонун бардыгына “жок” деген жооп болсо, демек ал сыйынууга татыктуу эмес. Ошондой болгон соң ага сыйынып, ибадат кылуу – күмөнгө негизделген акмакчылык!