عربي - Arabic English Qafár af - Afar Afrikaans - Afrikanns Akan Shqip - Albanian አማርኛ - Amharic Հայերեն - Armenian অসমীয়া - Assamese Azərbaycanca - Azerbaijani Bamanankan - Bambara Bassa Bemba বাংলা - Bengali Bosanski - Bosnian Български - Bulgarian မြန်မာဘာသာ - Burmese Bisaya - Cebuano Cham Нохчий - Chechen chiCheŵa - Chewa 中文 - Chinese Адыгэбзэ - Circassian Hrvatski - Croatian Česky - Czech Dagbani Dansk - Danish فارسی دری - Dari Dendi ދިވެހި ބަސް - Dhivehi Nederlands - Dutch إستوني - Estonian Suomi - Finnish Fon Français - French Fulfulde - Fula ქართული - Georgian Deutsch - German Ελληνικά - Greek ગુજરાતી - Gujrati Kreyòl ayisyen - Haitian Creole Hausa हिन्दी - Hindi Magyar - Hungarian Igbo Indonesia - Indonesian Italiano - Italian 日本語 - Japanese Jóola - Jola ಕನ್ನಡ - Kannada Қазақша - Kazakh ភាសាខ្មែរ - Khmer Kikuyu Ikinyarwanda - Kinyarwanda Ikirundi - Kirundi 한국어 - Korean كوردی سۆرانی - kurdish كوردي kurmancî - Kurmanji Kyrgyz ລາວ - Lao latviešu - Latvian Lingala lietuvių - Lithuanian Luganda Македонски - Macedonian Maguindanaon Malagasy - Malagasy Bahasa Melayu - Malay മലയാളം - Malayalam Mandinka मराठी - Marathi Mõõré - Moore नेपाली - Nepali أنكو - NKo Norwegian ଓଡ଼ିଆ - Odia oromoo - Oromo پښتو - Pashto فارسی - Persian Polski - Polish Portuguese ਪੰਜਾਬੀ - Punjabi Română - Romanian Русский - Russian Српски - Serbian Shona සිංහල - Sinhala Slovenščina - Slovenian Soomaaliga - Somali Soninke Sesotho - Sotho Español - Spanish Kiswahili - Swahili Svenska - Swedish Tagalog Тоҷикӣ - Tajik தமிழ் - Tamil తెలుగు - Telugu ไทย - Thai ትግረኛ - Tigrinya Türkçe - Turkish Türkmen - Turkmen Ukrainian اردو - Urdu ئۇيغۇرچە - Uyghur Ўзбек - Uzbek Việt Nam - Vietnamese Wolof Yao Yorùbá - Yoruba Zarma زولو - Zulu
816 Хадистер
Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы
التصنيف الشرعي
Хадистин даражасы
Риваят кылынган булак
Калган булактарды көрсөтүү
Равий
Бардык равийлерди көрсөтүү (46)
Биз Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен бирге болчубуз. Ал кезде биз өспүрүм балдар элек. Биз Куранды үйрөнүүдөн мурда ыйманды үйрөндүк. Андан кийин Куранды үйрөндүк да, аны менен ыйманыбыз көбөйдү.
Сахих (ишенимдүү) Ибн Маажа жазып калтырган.
"Ким үч жуманы кайдыгерлик менен калтырса, Аллах анын жүрөгүнө мөөр басат."
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи, Ибн Маажа жана Ахмад риваят кылган
التصنيف الشرعيفضل يوم وصلاة الجمعة
"Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сол колуна жибекти, оң колуна алтынды кармап, колдорун өйдө көтөрүп, анан: "Бул экөөсү үммөтүмдүн эркектерине арам, аялдарына адал болду" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ан-Насааи жана Ибн Маажа риваят кылган
التصنيف الشرعياللباس والزينة
"Кимде-ким тамак жеп бүткөндөн кийин: "Алхамду лиллаахил-лази атъамани хаза ва розаканиихи мин гойри хавлин уа лаа кувватин" (Менден эч кандай күч-кубат талап кылбай, ушул тамакты жедирип, ырыскы берген Аллах Таалага алкыш-мактоолор болсун) деп айтса, анын өткөн (майда) күнөөлөрү кечирилет.
Хасан (жакшы) Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأذكار للأمور العارضة
"Чындыкты көргөн же билген учурда, элден коркуу силерден эч бир адамды аны айтуудан тосуп калбасын."
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيحكم الأمر بالمعروف والنهي عن المنكر
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жунуб болгондон башка бардык абалда бизге Куранды окуп берчү.
Хасан (жакшы) Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи, Ибн Маажа жана Ахмад риваят кылган
التصنيف الشرعيأحكام القرآن والمصاحف، الغسل
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдарды бейишке эң көп эмне киргизе тургандыгы жөнүндө суралганда, ал: «Аллахка такыбалык кылуу жана жакшы адеп-ахлак» - деп айтты. Андан кийин адамдарды тозокко эң көп эмне киргизе тургандыгы жөнүндө суралганда: «Ооз жана жыныстык мүчө» - деп жооп берди.
Хасан Сахих (жакшы, ишенимдүү хадис). Ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأخلاق الحميدة، أعمال القلوب، ذم المعاصي، صفات الجنة والنارموضوعات الحديثالزنا، اللواط، حفظ اللسان، حسن الخلق، التقوىمحاور التعريف بالإسلاممحاسن الأخلاق
«Мен Бану Мунтафик уруусунун өкүлү болуп (же Бану Мунтафик өкүлдөрүнүн курамында) Аллахтын Элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келдим.
Аллахтын Элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келгенибизде, аны үйүнөн таба албадык. Бирок момундардын энеси Айшаны (Аллах андан ыраазы болсун) жолуктурдук. Ал биз үчүн хазира (эт менен ун кошулуп жасалган тамак) жасоону буйруду, бизге ал даярдалды. Ошондой эле бизге кинаъ (ичине курма салынган табак) алып келишти.
Кийин Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: «Бир нерсе жеп-ичтиңерби?» же «Силерге бир нерсе берүүнү буйруду беле?» — деп сурады.
Биз: «Ооба, оо, Аллахтын Элчиси!» — дедик.
Биз Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен чогуу отурганыбызда, койчу койлорун короого айдап келди. Жанында маараган бир козу бар эле. Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Эй баланча, (койлоруң) эмне тууду?» — деп сурады.
Ал: «Козу», — деди.
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Анын ордуна биз үчүн бир кой сой», — деди. Андан соң: «Биз муну сен үчүн сойдук деп ойлобо, — деди ("ля тахсабанна" деп эмес, "ля тахсибанна" деп айтты). — Бизде жүз кой бар, анын көбөйүшүн каалабайбыз. Койчу жаңы козу туудурганда, биз анын ордуна бир кой сойдуруп турабыз».
Мен: «Оо, Аллахтын Элчиси! Менин аялым бар, анын тилинде бир нерсе бар (б.а. тили заар, одоно сүйлөйт)», — дедим.
Ал: «Анда ага талак бер», — деди.
Мен: «Оо, Аллахтын Элчиси! Анын (көптөн берки) жолдоштугу бар жана андан балдарым бар», — дедим.
Ал: «Анда ага буйру (б.а. насаат айт). Эгер анда жакшылык болсо, ал муну кабыл алат. Жана аялыңды күңүңдү ургандай урба!» — деди.
Андан соң мен: «Оо, Аллахтын Элчиси! Мага даарат тууралуу айтып бериңизчи», — дедим.
Ал: «Дааратты толук ал, бармактардын арасын желеле (манжаларыңды аралатып жуу) жана орозо кармабаган болсоң, мурунга сууну тереңирээк тарт», — деп жооп берди».
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насаи жана Ибн Маажа риваят кылган
التصنيف الشرعيسنن وآداب الوضوء