عربي - Arabic English Qafár af - Afar Afrikaans - Afrikanns Akan Shqip - Albanian አማርኛ - Amharic Հայերեն - Armenian অসমীয়া - Assamese Azərbaycanca - Azerbaijani Bamanankan - Bambara Bassa Bemba বাংলা - Bengali Bosanski - Bosnian Български - Bulgarian မြန်မာဘာသာ - Burmese Bisaya - Cebuano Cham Нохчий - Chechen chiCheŵa - Chewa 中文 - Chinese Адыгэбзэ - Circassian Hrvatski - Croatian Česky - Czech Dagbani Dansk - Danish فارسی دری - Dari Dendi ދިވެހި ބަސް - Dhivehi Nederlands - Dutch إستوني - Estonian Suomi - Finnish Fon Français - French Fulfulde - Fula ქართული - Georgian Deutsch - German Ελληνικά - Greek ગુજરાતી - Gujrati Kreyòl ayisyen - Haitian Creole Hausa हिन्दी - Hindi Magyar - Hungarian Igbo Indonesia - Indonesian Italiano - Italian 日本語 - Japanese Jóola - Jola ಕನ್ನಡ - Kannada Қазақша - Kazakh ភាសាខ្មែរ - Khmer Kikuyu Ikinyarwanda - Kinyarwanda Ikirundi - Kirundi 한국어 - Korean كوردی سۆرانی - kurdish كوردي kurmancî - Kurmanji Kyrgyz ລາວ - Lao latviešu - Latvian Lingala lietuvių - Lithuanian Luganda Македонски - Macedonian Maguindanaon Malagasy - Malagasy Bahasa Melayu - Malay മലയാളം - Malayalam Mandinka मराठी - Marathi Mõõré - Moore नेपाली - Nepali أنكو - NKo Norwegian ଓଡ଼ିଆ - Odia oromoo - Oromo پښتو - Pashto فارسی - Persian Polski - Polish Portuguese ਪੰਜਾਬੀ - Punjabi Română - Romanian Русский - Russian Српски - Serbian Shona සිංහල - Sinhala Slovenščina - Slovenian Soomaaliga - Somali Soninke Sesotho - Sotho Español - Spanish Kiswahili - Swahili Svenska - Swedish Tagalog Тоҷикӣ - Tajik தமிழ் - Tamil తెలుగు - Telugu ไทย - Thai ትግረኛ - Tigrinya Türkçe - Turkish Türkmen - Turkmen Ukrainian اردو - Urdu ئۇيغۇرچە - Uyghur Ўзбек - Uzbek Việt Nam - Vietnamese Wolof Yao Yorùbá - Yoruba Zarma زولو - Zulu
816 Хадистер
Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы
التصنيف الشرعي
Хадистин даражасы
Риваят кылынган булак
Равий
Бардык равийлерди көрсөтүү (98)
«Силерден мурунку өткөн элдерде бир падыша бар эле. Анын бир сыйкырчысы болгон. Ал картайганда падышага: «Мен картайдым, мага бир баланы жөнөт, ага сыйкырчылыкты үйрөтөйүн», - деди. (Падыша) ага үйрөтүүсү үчүн бир баланы жөнөттү. Баланын (сыйкырчыга каттаган) жолунда бир кечил жашачу. Бала ага кирип, сөздөрүн угуп, ал ага жагып калды. Ошентип, ал сыйкырчыга баратканда кечилге да кирип, анын жанында отуруп калчу болду. Сыйкырчыга (кечигип) барганда, ал аны урчу. Бала муну кечилге даттанды. Анда (кечил): «Эгер сыйкырчыдан корксоң: "Мени үй-бүлөм кармап калды" - деп айт. Эгер үй-бүлөңдөн корксоң: "Мени сыйкырчы кармап калды" - деп айт», - деди.
Ал ушундай абалда жүргөн күндөрдүн биринде элдин жолун тосуп алган бир чоң жырткычка туш болду. Ал (өзүнчө): «Бүгүн мен сыйкырчы абзелби же кечил абзелби, ушуну билем», - деди. Анан бир ташты алып: «Оо, Аллах! Эгерде Сага сыйкырчынын ишине караганда кечилдин иши сүйүктүүрөөк болсо, адамдар өтө алышы үчүн ушул жырткычты өлтүр!» - деп, аны таш менен уруп өлтүрдү. Ошентип элдер өз жолун улады. (Бала) кечилге келип, окуяны айтып берди. Кечил ага: «Оо, уулум! Бүгүн сен менден абзелсиң. Сенин ишиң мен көрүп турган ушул даражага жетиптир. Чындыгында, сен сыналасың. Эгер сыналсаң, мени (ким экенимди) көрсөтүп койбо», - деди.
Бала сокурларды, пес оорулууларды айыктырып, адамдарды бардык оорулардан дарылай баштады. Падышанын сокур болуп калган бир жанжөкөрү муну угуп, ага көптөгөн белектерди алып келди да: «Эгер мени айыктырсаң, ушул жердегилердин баары сеники болот», - деди. Ал: «Мен эч кимге шыпаа бере албайм. Шыпаа берүүчү – жалгыз Аллах. Эгер Аллахка ыйман келтирсең, мен Аллахка дуба кылам, Ал сага шыпаа берет», - деди. Тигил Аллахка ыйман келтирди, Аллах ага шыпаа берди. Ал падышага келип, мурдагыдай эле анын жанына отурду. Падыша андан: «Көзүңдүн көрүүсүн сага ким кайтарып берди?» - деп сурады. Ал: «Раббим», - деди. Падыша: «Сенин менден башка раббиң бар беле?» - деди. Ал: «Менин да, сенин да Раббиң – Аллах», - деди.
Анан падыша аны кармап алып, баланы көрсөткөнгө чейин азаптай берди. Бала алынып келинди. Падыша ага: «Оо, уулум! Сенин сыйкырың сокурду, пес оорулууну айыктыра турган даражага жетиптир, тигини-муну кылып жатыптырсың», - деди. Бала: «Мен эч кимге шыпаа бере албайм, шыпаа берүүчү – жалгыз Аллах», - деди. (Падыша) аны кармап алып, кечилди көрсөткөнгө чейин азаптай берди. Анан кечил алып келинди. Ага: «Диниңден кайт!» - деп айтылды. Ал баш тартты. (Падыша) арааны алдырып келип, арааны анын төбөсүнө коюп, ал экиге бөлүнүп түшкүчө араалатты. Андан кийин падышанын жанжөкөрү алынып келинип, ага да: «Диниңден кайт!» - деп айтылды. Ал дагы баш тартты. (Падыша) анын да төбөсүнө арааны койдуруп, эки бөлүгү түшкүчө араалатты. Андан кийин бала алынып келинди, ага да: «Диниңден кайт!» - деп айтылды. Бирок ал да баш тартты.
Ошондо падыша аны өзүнүн желдеттеринин бир тобуна берип: «Муну баланча тоого алып баргыла да, аны менен тоого чыккыла. Тоонун чокусуна жеткениңерде, эгер дининен кайтса (коё бергиле), андай болбосо, аны ылдый көздөй ыргытып жибергиле!» - деди. Алар аны тоого алып чыгышты. Ошондо (бала): «Оо, Аллах, мени алардан Өзүң каалагандай куткара көр!» - деди. Тоо силкинип, тигилер кулап түшүштү. Анан ал падышага басып келди. Падыша андан: «Сени менен кеткендер эмне болду?» - деп сурады. Ал: «Аллах мени алардан сактап калды», - деди.
Падыша кайрадан аны желдеттеринин башка тобуна берип: «Муну алып кетип, кемеге салгыла да, деңиздин ортосуна алып баргыла. Эгер дининен кайтса (коё бергиле), андай болбосо, сууга ыргытып жибергиле!» - деди. Алар аны алып кетишти. Ал кайра эле: «Оо, Аллах, мени алардан Өзүң каалагандай куткара көр!» - деди. Кеме көмкөрүлүп, алар чөгүп кетишти. Бала болсо падышага дагы басып келди. Падыша андан: «Сени менен кеткендер эмне болду?» - деди. Ал: «Аллах мени алардан сактап калды», - деди да, падышага карап: «Сен менин буйругумду аткарбасаң, мени өлтүрө албайсың», - деди. Падыша: «Ал эмне болгон (буйрук)?» - деп сурады. Ал айтты: «Адамдардын баарын бир ачык майданга чогултасың жана мени устунга асып байлайсың. Анан менин саадагымдан (жаанын жебелери салынуучу булгаары кап же куту) бир жебе алып, аны жаанын ортосуна кой. Андан кийин: «Баланын Раббиси болгон Аллахтын ысымы менен!" - деп айтып, мени ат. Эгер ушундай кылсаң, мени өлтүрөсүң».
Падыша адамдардын баарын бир майданга чогултуп, аны устунга асты. Андан соң анын саадагынан бир жебе алып, жаанын ортосуна койду. Анан: «Баланын Раббиси болгон Аллахтын ысымы менен!» - деп жебени атты. Жебе баланын чыкыйына тийди. Ал колун жебе тийген чыкыйына коюп, жан берди. Муну көргөн адамдар (баары бир ооздон): «Баланын Раббисине ыйман келтирдик! Баланын Раббисине ыйман келтирдик! Баланын Раббисине ыйман келтирдик!» - дешти. Ошондо падышага (адамдары) келип: «Өзүң корккон нерсени көрдүңбү? Аллахка ант болсун, сен корккон нерсе башыңа түштү, элдин баары ыйман келтирип жиберди», - дешти.
Ошондо падыша көчөлөрдүн баштарына орлорду казууга буйрук берди. Орлор казылып, анда оттор жагылды. Анан: «Ким дининен кайтпаса, аны ушул отко ыргыткыла (же ага: "Өзүң кир!" - деп айткыла)», - деди. Алар муну аткарып (адамдарды отко ыргытып) жатышты. Акыры кичинекей наристеси бар бир аял келди. Ал отко түшүүдөн токтоп калды. Ошондо (колундагы) баласы ага: «Оо, апаке, сабыр кылыңыз, чындыгында сиз хак (чындык) үстүндөсүз!» - деди».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيسير الدعاة وواجباتهم، قصص وأحوال الأمم السابقة
"Тумшугу менен жер сүзсүн, дагы тумшугу менен жер сүзсун, дагы тумшугу менен жер сүзсүн". Бирөөлөр: О, Аллахтын элчиси, ким тумушугу менен жер сүзсүн? деп сурады. Ал: "Анын ата-энеси экөө тең же экөөнүн бири картайган кезине жетсе, (аларга кызмат кылып) бейишке кире албаган адам" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضائل بر الوالدينموضوعات الحديثعقوق الوالدين، بر الوالدين، عقوق الوالدينمحاور التعريف بالإسلاممحاسن الأخلاق
"Үйүңөрдү көрүстөндөй кылып албагыла. Чынында, Бакара сүрөөсү окулган үйдөн шайтан качат".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيآداب تلاوة القرآن الكريم، فضائل السور والآيات، صلاة التطوعموضوعات الحديثتلاوة القرآن، فضائل السور والآيات، صلاة التطوع
"Момундун ишине таң каламын. Анын бардык иши жакшылык. Мындай момун үчүн гана болот. Эгер ага кубаныч болсо, ага шүгүр кылат. Бул ал үчүн жакшы. Эгер ага зыян болсо, ага сабыр кылат. Бул да ал үчүн жакшы».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضائل أعمال القلوب، أعمال القلوب، تزكية النفوس، الإيمان بالقضاء والقدرموضوعات الحديثالصبر، الإيمان بالقدر خيره وشره، الشكرمحاور التعريف بالإسلاممعنى الابتلاء
«Чындыгында, (башкаларга) каргыш айткандар кыямат күнү күбө да, шапаатчы да боло алышпайт».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأخلاق الذميمة
“Адам өлгөндө, анын иш-аракеттери бүт токтойт. Бирок үч ишинин гана сообу токтобой улана берет. Алар: эл пайдасын көргөн, сообу үзүлбөгөн садакалары; бирөөлөргө үйрөтүп кеткен пайдалуу илим-билими; артынан дуба кылган ыймандуу баласы”
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالوقف، فضل الدعاء، الأعمال الصالحة عن الميت
"Күн чыгардан мурда жана Күн батардан мурда намаз окугандар тозокко кирбейт".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
«Дин — бул насаат» - деп айтты. Ошондо биз: «Оо, Аллахтын Элчиси, ким үчүн?» - деп сурадык. Ал: «Аллах үчүн, Анын Китеби үчүн, Анын Элчиси үчүн, мусулмандардын башчылары үчүн жана жалпы мусулмандар үчүн» - деп айтты».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأربعون النووية، حقوق الرعية على الإمام