Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 3

Чыпкаларды алып салуу

Хадистин даражасы

Риваят кылынган булак

«Кайыптын ачкычтары (илими) бешөө: "Кыямат качан болушун бир гана Аллах билет. Ал (асмандан) жамгыр жаадырат. (Бир Өзү гана) жатындагы түйүлдүктү(н тагдырын) билет. Эч бир жан эртең эмне иш жасаарын биле албайт. Эч ким кай жерде (кантип) өлүшүн биле албайт. Чынында, Аллах (баарын) Билүүчү, (баарынан) Кабардар».
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
التصنيف الشرعيتوحيد الألوهية، تفسير الآيات
"Мусулман адам арам кан төккөнгө чейин, өз дининде кеңири мүмкүнчүлүктө (кечиримдин алкагында) болот."
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالجنايات
"Бул дүйнө жашоосунда жат жерлик адамдай же жолоочу сыяктуу бол!" Ибн Умар: Эгер кечке жетсең, таңды күтпөгүн. Таңга жетсең, кечти күтпөгүн. Ооруп калганга чейин ден соолугуңду пайдалан. Өлүм келгенге чейин тирүүлүгүңдү пайдалан - деп айтчу.
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأربعون النووية، تزكية النفوس