عربي - Arabic English Qafár af - Afar Afrikaans - Afrikanns Akan Shqip - Albanian አማርኛ - Amharic Հայերեն - Armenian অসমীয়া - Assamese Azərbaycanca - Azerbaijani Bamanankan - Bambara Bassa Bemba বাংলা - Bengali Bosanski - Bosnian Български - Bulgarian မြန်မာဘာသာ - Burmese Bisaya - Cebuano Cham Нохчий - Chechen chiCheŵa - Chewa 中文 - Chinese Адыгэбзэ - Circassian Hrvatski - Croatian Česky - Czech Dagbani Dansk - Danish فارسی دری - Dari Dendi ދިވެހި ބަސް - Dhivehi Nederlands - Dutch إستوني - Estonian Suomi - Finnish Fon Français - French Fulfulde - Fula ქართული - Georgian Deutsch - German Ελληνικά - Greek ગુજરાતી - Gujrati Kreyòl ayisyen - Haitian Creole Hausa हिन्दी - Hindi Magyar - Hungarian Igbo Indonesia - Indonesian Italiano - Italian 日本語 - Japanese Jóola - Jola ಕನ್ನಡ - Kannada Қазақша - Kazakh ភាសាខ្មែរ - Khmer Kikuyu Ikinyarwanda - Kinyarwanda Ikirundi - Kirundi 한국어 - Korean كوردی سۆرانی - kurdish كوردي kurmancî - Kurmanji Kyrgyz ລາວ - Lao latviešu - Latvian Lingala lietuvių - Lithuanian Luganda Македонски - Macedonian Maguindanaon Malagasy - Malagasy Bahasa Melayu - Malay മലയാളം - Malayalam Mandinka मराठी - Marathi Mõõré - Moore नेपाली - Nepali أنكو - NKo Norwegian ଓଡ଼ିଆ - Odia oromoo - Oromo پښتو - Pashto فارسی - Persian Polski - Polish Portuguese ਪੰਜਾਬੀ - Punjabi Română - Romanian Русский - Russian Српски - Serbian Shona සිංහල - Sinhala Slovenščina - Slovenian Soomaaliga - Somali Soninke Sesotho - Sotho Español - Spanish Kiswahili - Swahili Svenska - Swedish Tagalog Тоҷикӣ - Tajik தமிழ் - Tamil తెలుగు - Telugu ไทย - Thai ትግረኛ - Tigrinya Türkçe - Turkish Türkmen - Turkmen Ukrainian اردو - Urdu ئۇيغۇرچە - Uyghur Ўзбек - Uzbek Việt Nam - Vietnamese Wolof Yao Yorùbá - Yoruba Zarma زولو - Zulu
816 Хадистер
Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы
التصنيف الشرعي
Хадистин даражасы
Риваят кылынган булак
Равий
Бардык равийлерди көрсөтүү (85)
"Мага менден мурдагы пайгамбарларга берилбеген беш нерсе берилди : бир айлык аралыктан душмандарымдын жүргүндөгү коркунуч аркылуу жеңиш берилди. Жер бетинин баары мага намаз окуганга жарактуу жана тазаланганга жарактуу болду. Үммөтүмдөн ким кайсы жерде болсо, ошол жерде намазын окуй берсин. Мага олжо адал болду. Мага чейин эч кимге олжо адал эмес эле. Мага шапаат кылуу артыкчылыгы берилди. Мага чейинки пайгамбарлар өзүнүн гана элине жиберилсе, мен жалпы адам баласына жиберилдим".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيالإيمان بنبينا محمد صلى الله عليه وسلم
Биз казатта жүргөнбүз. Мухажирлерден бир киши ансарлардан бир кишини артына чаап жиберди. Ансар: "О ансарлар!" - деп кыйкырды. Мухажир болсо: "О мухажирлер!" - деп кыйкырды. Аллах Таала алардын урушун Өзүнүн элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) угузуп, ал: "Эмне болду?" - деп сурады. Алар: Мухажирлерден бирөө ансарлардын бирин чаап жиберди эле, ансар: О ансарлар! - деп, мухажир болсо: О мухажирлер! - деп (уруулаштарын) чакырды - дешти. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Мындай уруучулдукту таштагыла, анткени ал жийиркеничтүү нерсе" - деди. Жаабир айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келген учурда ансарлар көбүрөөк эле. Кийин мухажирлердин саны көбөйдү. Ошондо (мунафык) Абдулла бин Убай: "Алар чын эле ушундай кылыштыбы? Аллахка ант болсун, эгер Мадинага кайтсак, күчтүүбүз алсызын ал жактан сөзсүз кууп чыгат!" - деди. Умар бин Хаттаб (ага Аллах ыраазы болсун): "О Аллахтын элчиси, мага уруксат бериңиз, бул мунафыктын башын кыя чабайын!" - деди. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Ага тийбе, адамдар Мухаммад өзүнүн сахабаларын өлтүрүп жатат деп сөз кылышпасын" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيالأخلاق الذميمة
Аллахтын элчиси (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сапарда жүргөн. Ал топтолгон элди жана бир адамдын үстүнө көлөкө кылып жатышканын көрүп: "Бул кишиге эмне болду?" - деди. Алар: "Бул киши орозо экен" - дешти. Ошондо ал: "Сапарда орозо кармоо жакшылыктан эмес" - деди. Муслимдин риваятында: "Аллахтын силерге берген уруксатын пайдалангыла" - деп айтылат.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيصيام أهل الأعذار
"Кимде-ким сарымсак же пияз жесе, бизге (же биздин мечитибизге) жолобой үйүндө отурсун" . Бир жолу Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сарымсак, жашылчалар кошулган тамак салынган идишти алып келишти эле, андан жагымсыз жытты байкап, эмне кошулганын сурады. Алар анда сарымсак бар экенин айтышты. Ал аны ошол жердеги бир сахабасына бергиле деди. Кийин тиги сахабанын тамакты жебей отурганын көрүп: "Сен жей бергин. Мен сен байланышпаган бирөө менен байланышам" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيفضل صلاة الجماعة وأحكامها
"Аллах жана Анын элчиси аракты сатууну, өлүмтүктү, чочкону жана буттарды арам кылды". Бирөөлөр: "О, Аллахтын элчиси, өлүмтүктүн майына эмне дейсиз? Аны кайыктарды жана терилерди майлоодо колдонуп, адамдар чыракка жагып пайдаланышат" - дешти. Аллахтын элчиси: "Жок. Ал арам" - деди. Анан: "Аллах Таала кыйратып жок кылгыр жөөттөр, Аллах аларга майды арам кылганда алар аны ээритип, анан аны сатып акчасын жешкен" - деп кошумчалады.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيما يحل ويحرم من الحيوانات والطيور، الأربعون النووية