عربي - Arabic English Qafár af - Afar Afrikaans - Afrikanns Akan Shqip - Albanian አማርኛ - Amharic Հայերեն - Armenian অসমীয়া - Assamese Azərbaycanca - Azerbaijani Bamanankan - Bambara Bassa Bemba বাংলা - Bengali Bosanski - Bosnian Български - Bulgarian မြန်မာဘာသာ - Burmese Bisaya - Cebuano Cham Нохчий - Chechen chiCheŵa - Chewa 中文 - Chinese Адыгэбзэ - Circassian Hrvatski - Croatian Česky - Czech Dagbani Dansk - Danish فارسی دری - Dari Dendi ދިވެހި ބަސް - Dhivehi Nederlands - Dutch إستوني - Estonian Suomi - Finnish Fon Français - French Fulfulde - Fula ქართული - Georgian Deutsch - German Ελληνικά - Greek ગુજરાતી - Gujrati Kreyòl ayisyen - Haitian Creole Hausa हिन्दी - Hindi Magyar - Hungarian Igbo Indonesia - Indonesian Italiano - Italian 日本語 - Japanese Jóola - Jola ಕನ್ನಡ - Kannada Қазақша - Kazakh ភាសាខ្មែរ - Khmer Kikuyu Ikinyarwanda - Kinyarwanda Ikirundi - Kirundi 한국어 - Korean كوردی سۆرانی - kurdish كوردي kurmancî - Kurmanji Kyrgyz ລາວ - Lao latviešu - Latvian Lingala lietuvių - Lithuanian Luganda Македонски - Macedonian Maguindanaon Malagasy - Malagasy Bahasa Melayu - Malay മലയാളം - Malayalam Mandinka मराठी - Marathi Mõõré - Moore नेपाली - Nepali أنكو - NKo Norwegian ଓଡ଼ିଆ - Odia oromoo - Oromo پښتو - Pashto فارسی - Persian Polski - Polish Portuguese ਪੰਜਾਬੀ - Punjabi Română - Romanian Русский - Russian Српски - Serbian Shona සිංහල - Sinhala Slovenščina - Slovenian Soomaaliga - Somali Soninke Sesotho - Sotho Español - Spanish Kiswahili - Swahili Svenska - Swedish Tagalog Тоҷикӣ - Tajik தமிழ் - Tamil తెలుగు - Telugu ไทย - Thai ትግረኛ - Tigrinya Türkçe - Turkish Türkmen - Turkmen Ukrainian اردو - Urdu ئۇيغۇرچە - Uyghur Ўзбек - Uzbek Việt Nam - Vietnamese Wolof Yao Yorùbá - Yoruba Zarma زولو - Zulu
816 Хадистер
Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы
التصنيف الشرعي
Хадистин даражасы
Риваят кылынган булак
Равий
Бардык равийлерди көрсөтүү (85)
«Чындыгында, бейиште момун адам үчүн ичи көңдөй (оюк), бир эле берметтен жасалган чатыр бар. Анын бийиктиги (же узундугу) алтымыш мил. Анда момундун жубайлары болот. Ал аларды кыдырып турат, бирок алар бири-бирин көрүшпөйт».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيصفات الجنة والنار
"Салих жана жаман адам менен отуруунун мисалы, атыр саткан жана көөрүк үйлөгөн адам менен отуруу сыяктуу.
Атыр саткан адам: же ал сага атырын белек кылат, же сен андан сатып аласың, же жок эле дегенде анын жыпар жыты келип турат. Көөрүк үйлөгөн адам: же ал сенин кийимиңди күйгүзөт, же андан жагымсыз жытты табасың".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيالآداب الشرعية، أحوال الصالحين، ذم المعاصيموضوعات الحديثالولاء والبراء وحقوق المسلمينمحاور التعريف بالإسلاممحاسن الأخلاق
«Аллах мени менен жиберген туура жол жана илимдин мисалы — жерге жааган мол жамгыр сыяктуу. Ал жердин бир бөлүгү таза эле, сууну өзүнө сиңирип алып, көптөгөн өсүмдүктөрдү жана чөптөрдү өстүрдү. Ал эми дагы бир бөлүгү кургак (катуу) жер эле, сууну өзүнө кармап калды. Аллах ал суу менен адамдарга пайда берди: андан ичишти, сугарышты жана эгин эгишти. Жамгыр жердин дагы бир башка бөлүгүнө жаады,
ал болсо суу токтобогон түз жер эле: сууну да кармаган жок, чөп да өстүрбөдү. Мына ушул — Аллахтын динин түшүнүп, Аллах мени менен жиберген нерселерден пайда алган, өзү да үйрөнүп, башкаларга да үйрөткөн адамдын мисалы. Жана ошондой эле (акыркы жер сыяктуу) ага башын да көтөрүп койбогон жана мени менен жиберилген Аллахтын туура жолун кабыл кылбаган адамдын мисалы».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيفضل العلم
«Раббисин эстеп, зикир кылган киши менен зикир кылбаган кишинин мисалы - тирүү адам менен өлүк адам сыяктуу». Ал эми Муслимдин риваятында: «Ичинде Аллах зикир кылынган үй менен Аллах зикир кылынбаган үйдүн мисалы - тирүү адам менен өлүк адам сыяктуу».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيفوائد ذكر الله عز وجل
"Раббим, менин каталарымды жана билбестигимди кечир. Бардык иштеримдегеи кемчилик жана аша чабуумду кечир. Мендеги Сен Өзүң билип турган күнөөлөрүмдү кечир. Аллахым, менин каталарымды, атайын жана билбей жасаган, тамашалап кетирген кемчиликтеримди кечир. Мендеги бардык кемчиликти кечир. Аллахым, менин мурдагы жана кийинки күнөөлөрүмдү кечир. Ачык жана жашыруун күнөөлөрүмдү кечир. Сен алдыда кылуучу жана кечиктирүүчүсүң. Сен бардык нерсеге күчү жетүүчү Кадырсың".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيالأدعية المأثورة
"Чынында Аллах Таала заалымга убакыт берет, анан аны кармаганда такыр коё бербейт ". Анан бул аятты окуду: "Раббиң шаарларды азабына алганда мына ушундай азаптайт. Алар заалым болчу. Анын азабы чынында оорутуучу, катуу" (Худ: 102-аят).
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيالأخلاق الذميمة، تفسير الآيات، توحيد الأسماء والصفاتموضوعات الحديثالظلم
Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) баатырдыгы үчүн, элин сактоо үчүн, элге көрүнүү үчүн жихадга чыккан адамдардын кимиси Аллах жолунда болот? - деп сурашты. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Ким Аллахтын сөзү бийик болуусу үчүн жихад кылса, ошол Аллахтын жолунда болот" - деп жооп берди.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيأعمال القلوب، أحكام ومسائل الجهاد وآدابهموضوعات الحديثفضل الجهاد، الإخلاص، الرياء