Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 83

Чыпкаларды алып салуу
Аллахтын элчисине: "О, Аллахтын элчиси, мага Аллахтан сурай турган нерсени үйрөтүңүзчү" - дедим. Ал: "Аллахтан амандык тиле" - деди. Бир канча күндөн кийин кайра келип: "О, Аллахтын элчиси, мага Аллахтан эмнени суроону үйрөтүңүзчү" - дедим. Ал мага: "Эй, Аббас, эй, Аллахтын элчисинин агасы, Аллахтан дүйнө жана акыреттин амандыгын тиле" - деди.
Сахих лигойрихи (башка дагы жакшы айтымы бар жакшы хадис). Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأدعية المأثورة
«Кимдин эки аялы болуп, алардын бирине ооп кетсе, кыямат күнү ал бир капталы кыйшайган абалда келет».
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи, Ибн Маажа жана Ахмад риваят кылган
التصنيف الشرعيالعشرة بين الزوجين
«Мусулмандын изары (эркектин денесинин төмөнкү бөлүгүн жаба турган кийимдер) балтырынын жарымына чейин болот, ал эми аны менен кызыл ашыктын ортосунда болуусунда эч кандай күнөө (же айып) жок. Кызыл ашыктан ылдый болгону тозокто болот. Кимде-ким текеберленип изарын сүйрөп жүрсө (кызыл ашыктан ылдый кылып), Аллах ага карабайт».
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيآداب اللباس
«Дуба – бул ибадат» – деп айткан соң (Курандын бул аятын) окуду: «Мага дуба кылгыла, силерге жооп беремин. Чындыгында, Мага ибадат кылуудан текеберленген адамдар кор болгон абалда тозокко киришет». (Гафир, 60-аят)
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضل الدعاء، توحيد الألوهيةموضوعات الحديثالدعاءمحاور التعريف بالإسلاممعنى العبادة، وجوب إفراد الله بالعبادة
"«Кимде-ким Аллах Азза ва Жалланын ыраазылыгы көздөлө турган илимди бир гана дүйнө кызыкчылыгына жетүү үчүн үйрөнсө, ал Кыямат күнү бейиштин жыпар жытын таппайт», - башкача айтканда, анын жытын."
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأخلاق الذميمة، آداب العالم والمتعلم
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге муктаждыктардын башында айтылчу кутпаны минтип үйрөткөн: "Алкыш-мактоолор Аллахка болсун. Андан жардам сурайбыз жана кечирим тилейбиз. Напсибиздин жамандыгынан сактоону Өзүнөн суранабыз. Аллах кимди туура жолго салса, аны адаштыруучу жок. Ал кимди адаштырса, аны туура жолго салуучу жок. Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок жана Мухаммад Анын кулу жана элчиси деп күбөлүк берем. "О, адамдар! Силерди бир жандан жаратып, андан жубайын жаратып, ал экөөнөн көп эркек жана аялдарды тараткан Раббиңерден корккула! Анын аты менен жана туугандыктан сурала турган Раббиңерден корккула!" (Ниса, 1-аят). "О, ыймандуу пенделер! Аллахтан чыныгы коркуу менен корккула жана мусулман болмоюнча өлбөгүлө!" (Аалу Имран, 102-аят). "О, ыймандуу пенделер! Аллахтан корккула жана туура сүйлөгүлө! Аллах силердин ишиңерди оңдоп, күнөөңөрдү кечирет. Ким Аллахка жана Анын элчисине моюн сунса, чоң утушка жетет". (Ахзаб, 70-71-аяттар).
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи, Ибн Маажа жана Ахмад риваят кылган
التصنيف الشرعيالأدعية المأثورة، أحكام خطبة وصلاة الجمعة، أحكام وشروط النكاحموضوعات الحديثالذِّكْر، أحكام الأسرة، التقوى، صلاة الجمعة
"Убакыт тарымайынча кыямат кайым болбойт . Жыл айдай болуп калат. Ай аптадай болот. Апта күндөй эле болуп калат. Күн сааттай болот. А саат болсо куураган курма жалбырагын күйгүзгөндөй (жалт этип) өтөт".
Сахих (ишенимдүү) Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيأشراط الساعةموضوعات الحديثأشراط الساعة
«Ким ажалы жете элек оорулуунун кабарын алып, анын жанында: "Улук Арштын ээси — Улук Аллахтан сага шыпаа берүүсүн тилейм!" — деп жети жолу дуба кылса, Аллах аны ошол оорусунан айыктырат».
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالرقية الشرعية وأحكامها