Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 31

Чыпкаларды алып салуу
«Эгерде силер Аллахка чындап тобокел (таянуу) кылганыңарда, Аллах силерге эртең менен курсагы ач чыгып, кечинде курсагы ток кайткан чымчыкка ырыскы бергендей ырыскы бермек».
Сахих (ишенимдүү) Имам Ахмад, ат-Тирмизи, ан-Насааи, Ибн Маажа, Ибн Хиббан Сахих китебинде жана ал-Хаким риваят кылган
«Ким Куранды ачык ашкере окуса, анда ал садаканы ашкере берген сыяктуу болот. Ал эми Куранды ичинен окуса, анда ал садаканы жашырып берген сыяктуу болот».
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи жана ан-Насааи жазып калтырган.
"Аллахтын пендеге эң жакын боло турган учуру - түндүн акыркы бөлүгү. Эгер колуңдан келсе, ошол убакта Аллахты зикир кылуучулардан бол"
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи жана ан-Насааи жазып калтырган.
Бир киши пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: "Мен соопту да, атакты да үмүт кылып казатка чыккан кишини көрдүм. Ага сооп берилеби?" - деп сурады. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Ага эч нерсе берилбейт" - деди. Тиги киши суроосун үч жолу кайталады. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага: "Ага эч нерсе берилбейт" - деп, анан: "Аллах Таала калыс Өзү үчүн жана Өзүнүн ыраазылыгы үчүн аткарылган амалдарды гана кабыл кылат" - деп айтты.
Сахих (ишенимдүү) Насаий риваят кылган.
Катуу жамгыр жаап, көзгө сайса көрүнгүс караңгы болгон түнү чогуу намаз окуу үчүн Аллахтын элчисин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) издеп бардык. Анан аны таптым. Ал: "Айт" - деди. Мен унчуккан жокмун. Ал дагы: "Айт" - деди. Мен дагы эле эч нерсе дебедим. Ал: "Айт" - деди. Эмне деп айтам - дедим. Ал: "Кул хуваллааху ахадды" жана эки сактоочу сүрөнү оку, кеч киргизгениңде жана таң атырганыңда үч жолудан окуп жүрсөң, бардык жамандыктан сактоого жетиштүү болот" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи жана ан-Насааи жазып калтырган.
"Мен мусулман болууну каалап, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, алдына келдим, ал мага суу жана сидр (лотос) жалбырактары менен жуунууну буйруду".
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи жана ан-Насааи жазып калтырган.
"Эгер суу эки кулла (чоң кумара) чыга турган болсо, ал нажас болбойт"
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи, Ибн Маажа жана Ахмад риваят кылган
"Кимде-ким ар бир парз намазынан кийин "Аят ал-Курси" деген аятты окуп жүрсө, анын бейишке кирүүсүн өлүмү гана тосуп турат".
Сахих (ишенимдүү) Ан-Насааи "Ал-Кубро" китебинде жазып калтырган.