Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 73

Чыпкаларды алып салуу
"Үч түрдүү адамдан калем көтөрүлгөн (б.а. күнөө жазылбайт): уктап жаткан киши ойгонгонго чейин. Жаш бала балакат курагына жеткенге чейин. Акылынан айныган адам акылына келгенге чейин".
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи "Ал-Кубро" китебинде жазып калтырган жана Ибн Маажа менен Ахмад да жазып калтырган.
"Кыямат күнү ыймандуу адамдын таразасына салмак боло турган жакшы кулк-мүнөздөн өткөн оор нерсе жок. Чынында, Аллах бузуку жана богооз адамдарды жаман көрөт".
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд жана ат-Тирмизи жазып калтырган.
"Сен өтө чоң нерсени сурадың, бирок Аллах жеңил кылган адамга бул өтө жеңил: Аллахка эч нерсени шерик кылбастан ибадат кыласың. Намаздарынды окуйсуң. Зекетиңди бересиң. Рамазанда орозо кармайсың. Ажылык кыласың". Анан ал сөзүн улай мындай деди: "Сага жакшылыктын эшиктерин айтып берейинби? Орозо - далил болот. Садага - суу отту өчүргөндөй күнөөлөрдү өчүрөт. Кишинин түн ортосунда туруп окуган намазы..." деп, анан бул аятты окуду: "Алардын капталдары жатчу жайынан өйдө болуп..." - дегенден баштап: "...кылган иштерине..." - деген жерине чейин окуду. Анан кайра сөзүн улап: "Сага иштин өзөгүн, түркүгүн жана эң өйдө чокусун айтып берейинби? - деди. Мен: "Ооба, айтыңыз" - дедим. "Иштин өзөгү - Ислам, анын түркүгү - намаз, анын чокусу - жихад" - деди. Анан: "Сага булардын баарынын падышасын айтайынбы?" - деп сурады. Мен: "Ооба, айтыңыз" - дедим. Ал тилин кармады да, анан: "Ушуну тый" - деди. Мен: "О Аллахтын элчиси, тилибиз үчүн да жооп беребизби?" - дедим. Ал: "О жарыбагыр десе, адамдарды тилинин күнөөлөрү гана тозокко тумшугу менен киргизип жатпайбы!" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи жазып калтырган.
«Куран жаттаган адамга мындай деп айтылат: «Куран оку жана көтөрүл. Аны дүйнөдө окугандай кылып кырааты менен оку. Чындыгында, сенин даражаң акыркы окуган аятыңа жараша болот».
Хасан (жакшы) Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ан-Насааи "Ал-Кубро" китебинде жазып калтырган жана Ахмад да жазып калтырган.
"Жыргалчылыктарды жок кылуучуну көп эстегиле," б.а. өлүмдү.
Хасан (жакшы) Ат-Тирмизи, ан-Насааи жана Ибн Маажа риваят кылган
Эртең менен таң атырганда ал минтип айтчу: "Аллахым, Сенин атың менен таң атырабыз. Сенин атың менен кечти киргизебиз. Сенин атың менен тирилебиз. Сенин атың менен өлөбүз. Кайра тирилип баруу Сага гана" Кеч киргенде минтип айтчу: "Аллахым, Сенин атың менен кеч киргизебиз. Сенин атың менен таң атырабыз. Сенин атың менен тирилебиз. Сенин атың менен өлөбүз. Кайра тирилип баруу Сага гана". Кээде: "Кайра кайтып баруу Сага гана" дечү.
Хасан (жакшы) Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи Кубра китебинде жана Ибн Маажа риваят кылган
«Эгерде силер Аллахка чыныгы таваккүль (таянуу) кылганыңарда, Аллах силерге эртең менен курсагы ач чыгып, кечинде курсагы ток кайткан чымчыкка ырыскы бергендей ырыскы бермек».
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
"Раббиңер Аллахтан корккула, беш убак намазыңарды окугула, айлык орозоңорду кармагыла, мал-дүйнөңөрдүн зекетин бергиле, жол башчыңарга баш ийгиле, ошондо Раббиңердин бейишине киресиңер".
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.