Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 8

Чыпкаларды алып салуу
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чүчкүргөндө колун же кийиминин бир учун оозуна тосуп, ошо менен үнүн басаңдатчу.
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
«Кимде-ким кедейдин карызын төлөө мөөнөтүн кечиктирсе, же карызынын баарын же бир бөлүгүн кечип салса, анда Аллах аны Кыямат күнү Өз Аршынын көлөкөсүндө башка эч кандай көлөкө жок болгон күнү көлөкө кылат».
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
«Оо, Аллах, менин кабырымды адамдар сыйына турган эстеликке (идол) айлантпа. Аллах пайгамбарларынын кабырын мечитке айланткан коомду каргыштады».
Сахих (ишенимдүү) Ахмад жазып калтырган.
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) каалаган өкүмгө жетүү максатында пара берүүчүгө жана пара алуучуга каргыш айтты.
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдарды бейишке эң көп эмне киргизе тургандыгы жөнүндө суралганда, ал: «Аллахка такыбалык кылуу жана жакшы адеп-ахлак» - деп айтты. Андан кийин адамдарды тозокко эң көп эмне киргизе тургандыгы жөнүндө суралганда: «Ооз жана жыныстык мүчө» - деп жооп берди.
Хасан Сахих (жакшы, ишенимдүү хадис). Ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
«Кимдин эки аялы болуп, алардын бирине ооп кетсе, кыямат күнү ал бир капталы кыйшайган абалда келет».
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи, Ибн Маажа жана Ахмад риваят кылган
"Убакыт тарымайынча кыямат кайым болбойт . Жыл айдай болуп калат. Ай аптадай болот. Апта күндөй эле болуп калат. Күн сааттай болот. А саат болсо куураган курма жалбырагын күйгүзгөндөй (жалт этип) өтөт".
Сахих (ишенимдүү) Ахмад жазып калтырган.
Бир киши Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) суроо берип мындай деди: О Аллахтын элчиси, биз деңизде жүрөбүз. Жаныбызда аз гана суу болот. Эгер ал сууга даарат алсак, ичкенге суубуз жок чаңкап калабыз. Деңиз суусуна даарат алсак болобу? Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Деңиздин суусу таза, өлүмтүгү адал" - деп жооп берди.
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи, Ибн Маажа жана Ахмад риваят кылган