Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 59

Чыпкаларды алып салуу
"Мен мусулман болууну каалап, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, алдына келдим, ал мага суу жана сидр (лотос) жалбырактары менен жуунууну буйруду".
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи жана ан-Насааи жазып калтырган.
"Эгер суу эки кулла (чоң кумара) чыга турган болсо, ал нажас болбойт"
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи, Ибн Маажа жана Ахмад риваят кылган
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чүчкүргөндө колун же кийиминин бир учун оозуна тосуп, ошо менен үнүн басаңдатчу.
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
"Чынында, ыймандуу адам жакшы кулк-мүнөзү менен (күндүзү) орозо туткан, (түнү) намаз окуган адамдын даражасына жетет".
Сахих бишаваахидихи (башка ишенимдүү айтымдары бар хадис). Абу Дауд жана Ахмад жазып калтырган.
"Кимде-ким: Аллахтын аты менен баштаймын. Анын аты менен башталган нерсеге жер бетинде да, асманда да эч ким зыян жеткире албайт. Ал Угуучу, Билүүчү" деп үч жолу айтса, таң атканга чейин ага кокустан балээ-кырсык келбейт. Кимде-ким бул дубаны таң атканда үч жолу айтса, кеч киргенге чейин ага кокустан балээ-кырсык келбейт". Кийин Абан бин Усман шал оорусу менен ооруп калды. Андан жогорудагы хадисти уккан бир киши аны суроолуу карап калды. Усман ага: Сага эмне болду, мени таңыркап карайсың? Аллахка ант болсун, мага Усман бин Аффан жалган айткан эмес. Усманга да пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жалган айткан эмес. Болгону, мага ушул балээ келген күнү мен (бирөөгө) ачууланып, жогорудагы дубаны айтпай унутуп калыпмын - деди.
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи "Ал-Кубро" китебинде жазып калтырган жана Ибн Маажа менен Ахмад да жазып калтырган.
Бану Амир тобунан бир топ киши менен Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бардым. Анан ага: Сен биздин төрөбүзсүң - десек, ал: "Төрө - Аллах" - деди. Биз: Даража жагынан бийигибиз, берешендик жагынан артыгыбызсың - дедик. Ал: "Ушинтип айтсаңар болот, же мындан да азыраак айткыла. Шайтан силерди өкүл кылып албасын" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд жана Ахмад жазып калтырган.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мечитке киргенде: "Ауузу биллахил азиим, ва би важхихил карим, ва султанихил кодим, минаш-шайтоонир-рожим" деп айтты. Абдуллах бин Амрдан: Ушинтип эле айтчубу? - деп сурашты. Ал: "Ооба" - деди. Эгер ушинтип айтса, шайтан: "Бул күн бою менден корголду" - деп айтат.
Хасан (жакшы) Абу Дауд жазып калтырган.
«Бир кишиге менин бир хадисим жетсе, ал сөөрүсүндө жөлөнүп отуруп алып: «Силер менен биздин ортобузда Аллахтын Китеби бар. Андан адал деп тапканыбызды адал кылабыз, арам деп тапканыбызды арам кылабыз. Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) арам кылган нерсени Аллах арам кылган» - деп айтуусуна жакын калбадыбы?!.
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ибн Маажа жазып калтырган.