Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 41

Чыпкаларды алып салуу
«Рукия, тумарлар жана тивала ширк».
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
«Ким Куранды ачык ашкере окуса, анда ал садаканы ашкере берген сыяктуу болот. Ал эми Куранды ичинен окуса, анда ал садаканы жашырып берген сыяктуу болот».
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи жана ан-Насааи жазып калтырган.
"Аллахтын пендеге эң жакын боло турган учуру - түндүн акыркы бөлүгү. Эгер колуңдан келсе, ошол убакта Аллахты зикир кылуучулардан бол"
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи жана ан-Насааи жазып калтырган.
Бир күнү Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) туруп, бизге аябай жеткиликтүү насаат айтты. Андан жүрөктөр титиреп, көздөр жашылданды. О, Аллахтын элчиси, бизге коштошуп жаткандай насаат айттың, эми бизге бир келишимди (дайыма аткарып жүрүү үчүн) осуят кыл - дешти. Ал мындай деди: " Аллахтан корккула! Башчыңар хабаший (ынды кара) кул болсо да аны уккула жана моюн сунгула! Менден кийин көптөгөн карама-карышылыктарды көрөсүңөр. Ошондо менин жана менин туура жол көрсөтүүчү халифтеримдин сүннөт жолун бекем кармагыла! Ага азууңар менен жармашкыла! Жаңы пайда болгон иштерден сак болгула! Анткени, бардык жаңы иштер адашуу".
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
Катуу жамгыр жаап, көзгө сайса көрүнгүс караңгы болгон түнү чогуу намаз окуу үчүн Аллахтын элчисин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) издеп бардык. Анан аны таптым. Ал: "Айт" - деди. Мен унчуккан жокмун. Ал дагы: "Айт" - деди. Мен дагы эле эч нерсе дебедим. Ал: "Айт" - деди. Эмне деп айтам - дедим. Ал: "Кул хуваллааху ахадды" жана эки сактоочу сүрөнү оку, кеч киргизгениңде жана таң атырганыңда үч жолудан окуп жүрсөң, бардык жамандыктан сактоого жетиштүү болот" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи жана ан-Насааи жазып калтырган.
"Мен мусулман болууну каалап, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, алдына келдим, ал мага суу жана сидр (лотос) жалбырактары менен жуунууну буйруду".
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи жана ан-Насааи жазып калтырган.
"Эгер суу эки кулла (чоң кумара) чыга турган болсо, ал нажас болбойт"
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи, Ибн Маажа жана Ахмад риваят кылган
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чүчкүргөндө колун же кийиминин бир учун оозуна тосуп, ошо менен үнүн басаңдатчу.
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.