Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 3

Чыпкаларды алып салуу
Filter
Pick a property to filter by
الفئة المستهدفة1
حجم المحتوى1
التخريج المتعدد5
التخريج المتعدد: متفق عليه

Хадистин даражасы

Риваят кылынган булак

Ал Атаа ибн Абу Рабахка: "Сага бейиштик аялды көрсөтөйүнбү?" - деди. Мен: "Ооба" - дедим. Ал айтты: "Ушул кара аял. Ал Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: "Менин талмам кармайт жана денем ачылып калат, мен үчүн Аллахка дуба кылыңыз" - деди. Ал: "Эгер кааласаң сабыр кыл, сага бейиш болот, эгер кааласаң сени айыктырышын сурап Аллахка дуба кылайын" - деди. Аял: "Сабыр кылам" — деди да, артынан: "Бирок (талмам кармаганда) денем ачылып калат, денем ачылбашы үчүн Аллахка дуба кылыңыз" - деп суранды. Андан соң Пайгамбар ал аял үчүн дуба кылды."
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيالطب والتداوي والرقية الشرعية، أحكام النساء، الإيمان بالقضاء والقدر
Мусулман кишиге чарчап-чалыгуу, оору, кыжаалатчылык, кайгы-капа, ыза, кыйынчылык болсо, атүгүл, тикен сайылса да, ошонун себебинен Аллах анын каталарын өчүрөт".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيالرقائق والمواعظ، فضائل التوحيد، الأخلاق الحميدة، الإيمان بالقضاء والقدرموضوعات الحديثالصبر، سعة فضل الله عز وجل
«Чындыкты айткан жана айтканы тастыкталган Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге мындайча баяндап берди: «Чындыгында, силердин ар бириңер энесинин ичинде кырк күн тамчы түрүндө топтолот. Андан кийин ошончо убакытта уюган кан түрүндө болот. Андан кийин ошончо убакытта бир үзүм эт түрүндө болот. Андан кийин ага периште жөнөтүлүп, төрт нерсени жазууга буйрулат: анын ырыскысын, ажалын, кыла турган иш-аракеттерин, бактылуу же бактысыз болушун. Андан кийин ага жан салынат. Чындыгында, силерден бирөө бейиш менен анын ортосунда бир чыканактай аралык калгыча бейиш ээлеринин амалдарын кылат. Бирок анын жазылган китеби озуп кетет да тозок ээлеренинин амалдарын кыла баштайт. Ошентип ал тозокко кирет. Ошондой эле силерден бирөө тозок менен анын ортосунда бир чыканактай аралык калгыча тозок ээлеринин амалдарын кылат. Бирок анын жазылган китеби озуп кетет да бейиш ээлеренинин амалдарын кыла баштайт. Ошентип ал бейишке кирет».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيالإيمان باليوم الآخر، الإيمان بالقضاء والقدر، الملائكة، الإسلامموضوعات الحديثالإيمان بالملائكة، الإيمان بالقدر خيره وشره، الخوف، الرجاء، العُجْب