Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 2

Чыпкаларды алып салуу
«Кимдин эки аялы болуп, алардын бирине ооп кетсе, кыямат күнү ал бир капталы кыйшайган абалда келет».
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи, Ибн Маажа жана Ахмад риваят кылган
التصنيف الشرعيالعشرة بين الزوجين
«Аллахтын күңдөрүн урбагыла!» Ошондо Умар Аллахтын Элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: «Аялдар күйөөлөрүнө баш ийбей калышты», - деди. Ошондо ал аларды урууга уруксат берди. Андан соң Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үй-бүлөсүнө күйөөлөрүнүн үстүнөн арызданып көптөгөн аялдар келишти. Ошондо Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деди: «Чындыгында, Мухаммаддын үй-бүлөсүнө күйөөлөрүнүн үстүнөн арызданып көптөгөн аялдар келишти. Алар (аялдарын ургандар) силердин жакшыңар эмес».
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд жана Ибн Маажа риваят кылган.
التصنيف الشرعيالفضائل والآداب، العشرة بين الزوجين