Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 72

Чыпкаларды алып салуу
"Жакшылык - бул жакшы адеп-ахлак. Күнөө - көкүрөгүңдү өйүгөн жана адамдар билүүсүн жек көргөн иштериң"
Сахих (ишенимдүү) Биринчи хадисти Имам Муслим, ал эми экинчи хадисти Имам Ахмад жана Имам Дарими риваят кылган.
التصنيف الشرعيالأخلاق الحميدة، الأربعون النووية، أعمال القلوب
"Кимде-ким бир ыймандуу адамды бул дүйнөдө кайгыдан арылтса, Аллах аны кыямат күндөгү кайгыдан арылтат. Кимде-ким бирөөнүн ишин жеңилдетсе, Аллах анын ишин дүйнө жана акыретте жеңилдетет. Кимде-ким мусулмандын айыбын жашырса, Аллах дүйнө жана акыретте анын айыбын жашырат. (Диндеш) тууганына жардам берген пендеге Аллах да жардам берет. Кимде-ким илим издеп жолго чыкса, ошол үчүн Аллах ага бейиштин жолун жеңил кылат. Кайсы бир адамдар Аллахтын үйлөрүнүн бирине чогулуп Аллахтын китебин окуп, бири-бирине үйрөтсө, аларга бейпилдик түшөт, ырайым ороп алат, аларды периштелер курчайт, Аллах аларды периштелерге мактайт. Кимди иш-амалдары артта калтырса, аны ата-теги алдыга жылдырып койбойт".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضل العلم، الأربعون النووية
Мага эки кызын көтөргөн бир бей-бечара аял келди, мен ага үч курма бердим. Ал алардын ар бирине бирден курма берди да, өзү жеш үчүн бир курманы оозуна алып барды. Ошондо эки кызы андан тамак сурашты эле, ал өзү жейин деп жаткан курманы экөөнө бөлүп берди. Анын бул иши мени таң калтырды, анан анын кылганын Аллахтынэ Элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтып бердим. Ошондо ал: «Чындыгында, Аллах ушул себептүү ага бейишти важип (милдеттүү) кылды, же ушул себептүү аны тозоктон азат кылды», - деп айтты.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضائل الأعمال الصالحة
«Чындыгында, шайтан араб жарым аралында намаз окуучулардын ага сыйынуусунан үмүтүн үздү. Бирок, аларды бири-бирине кайраштыруудан үмүтүн үзө элек».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأخلاق الذميمة
«Оо, Аллах! Кимде-ким менин үммөтүмдүн иштерин башкарып, аларды кыйнаса, анда ага кыйынчылык бер. Кимде-ким менин үммөтүмдүн иштерин башкарып, аларга жылуу мамиле кылса, анда ага боорукерлик кыл».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأخلاق الحميدة، حقوق الرعية على الإمامموضوعات الحديثالرحمة، الظلم، الإحسان إلى الخلق، أحكام الإمامة
«Ким эки кызды бойго жеткенге чейин багып өстүрсө, Кыямат күнү мен менен ал (ушундай) келет» - деп, манжаларын бириктирди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضائل الأعمال الصالحة
"Жөөттөргө жана христиандарга озунуп салам айтпагыла. Эгер жолдо алардын бирөөсүнө жолугуп калсаңар, аны жолдун кырына кысып өткүлө".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيآداب السلام والاستئذان
Усман бин Абу аль-Аас (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: "Оо, Аллахтын Элчиси, мен намазда Куран окуп жатканымда шайтан аралашып, мени адаштырууга аракет кылып жатат" - деди. Ошондо Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Бул "Ханзаб" деп аталган шайтан. Эгерде аны сезсең, анда Аллахтан андан коргоо тилегин жана үч жолу сол тарабыңа түкүргүн". Усман бин Абу аль-Аас (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: "Ошондо мен ушундай кылдым, Аллах Таала аны менден кетирди".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضل الذكر، الأذكار للأمور العارضة، صفة الصلاة، أذكار الصلاة، الإيمان بالقضاء والقدر، الجنموضوعات الحديثالذِّكْر، صفة الصلاة، مكروهات الصلاة