Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 6

Чыпкаларды алып салуу
Filter
Pick a property to filter by
الفئة المستهدفة1
حجم المحتوى1
التخريج المتعدد1
التخريج المتعدد: متفق عليه

Хадистин даражасы

Риваят кылынган булак

"Даарат ушатууга барганыңарда кыбалага жүздөнүп отурбагыла, артыңарды да салбагыла. Чыгышка же батышка жүздөнүп отургула". Абу Айуб айтат: Биз Шам тарапка барганда ал жакта даараткананы кыбылага каратып салынган экен, биз бурулуп отуруп, анан Аллахтан кечирим айтып жүрдүк.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيإزالة النجاسات، الاستنجاء وقضاء الحاجةموضوعات الحديثآداب قضاء الحاجة
Ал тамак жей элек кичинекей уулун Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алып келди эле, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аны тизесине алып отурду. Бала кокустан анын кийимине сийип койду. Ошондо ал суу алдыртып, сийдик жуккан жердин үстүнө чачып койду. Ал жерди ушалап жууган жок.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيإزالة النجاسات
Мен маази суусу көп аккан киши элем. Анын күйөө баласы болгонум үчүн пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) (бул тууралуу) суроодон уялып жүрдүм. Анан Микдад бин ал-Асвадды сурап келүүгө жибердим. (Сураса), ал: "Аспабын жууп, анан даарат алат" - дептир. Бухариде: "Даарат ал жана аспабыңды жуу" - деп келген.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيآداب العالم والمتعلم، إزالة النجاسات، نواقض الوضوءموضوعات الحديثالحياء، أحكام الاستنجاء والاستجمار، أحكام الوضوء
"Эгерде бирөөңөрдүн идишине ит башын салса, ал идишти жети жолу жууп тазаласын".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيإزالة النجاسات، الآنية
Ал (Абу Хурайра) Мединанын көчөлөрүнүн биринде жунуб абалында Пайгамбар менен жолугуп калат. Ал акырын жылып кетип, гусул алып келди. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аны издеп калды. Ал келгенде, Пайгамбар: «Эй, Абу Хурайра, кайда болдуң?» – деп сурады. Ал: «Оо, Аллахтын Элчиси, мен жунуп абалымда сизге жолугуп калдым, ошондуктан гусул алмайынча сиз менен отурууну каалабадым», - деп жооп берди. Ошондо Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «СубханАллах! Чындыгында, момун адам нажас (ыплас) болбойт» – деп айтты.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيإزالة النجاسات، الغسل
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дааратканага киргенде, мен жана мен курактуу бир бала тери идишке суу жана таякча көтөрүп алчубуз, анан ал суу менен истинжа кылат эле.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيإزالة النجاسات، الاستنجاء وقضاء الحاجة