Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 42

Чыпкаларды алып салуу
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) саптын артында жалгыз намаз окуган бир кишини көрүп, ага намазын кайра окууну буйруган.
Хасан (жакшы) Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيأحكام الإمام والمأموم
"Валий (4) болбосо нике болбойт".
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيأحكام وشروط النكاحموضوعات الحديثأحكام الأسرة
"Көбү мас кылган нерсенин азы да арам."
Хасан (жакшы) Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأشربة المحرمة
"Эй, Билал, намазга чакыр жана намаз менен бизди эс алдыр".
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд жазып калтырган.
التصنيف الشرعيوجوب الصلاة وفضلها وحكم تاركها، الأذان والإقامةموضوعات الحديثأحكام الأذان والإقامة، مكانة الصلاة وفضلهامحاور التعريف بالإسلاممحاسن العبادة
«Аллахтын кулдарын Аллахтын мечиттерине баруудан тыйбагыла, бирок алар атыр себинбестен чыгышсын».
Хасан (жакшы) Абу Дауд жазып калтырган.
التصنيف الشرعياللباس والزينة، فقه المرأة المسلمة، أحكام المساجد
«Адамдар мечиттер менен мактанмайынча кыямат болбойт».
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ан-Насааи жана Ибн Маажа риваят кылган
التصنيف الشرعيأحكام المساجد
"Үч түрдүү адамдан калем көтөрүлгөн (б.а. күнөө жазылбайт): уктап жаткан киши ойгонгонго чейин. Жаш бала балакат курагына жеткенге чейин. Акылынан айныган адам акылына келгенге чейин".
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи "Ал-Кубро" китебинде жазып калтырган жана Ибн Маажа менен Ахмад да жазып калтырган.
التصنيف الشرعيشروط الصلاة
​Мен: «Оо, Аллахтын Элчиси! Биздин кимибиздин болбосун аялынын анда кандай акысы бар?» — деп сурадым. Ал (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Өзүң тамактанганыңда аны да тамактандырасың, өзүң кийингениңде же тапканыңда аны да кийинтесиң, жүзүнө урбайсың, жаман сөз айтып тилдебейсиң жана үйдөн башка жерде таштап кетпейсиң» — деп жооп берди.
Хасан (жакшы) Абу Дауд, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالعشرة بين الزوجين