Skip to content

"Аллахтын кулдарын Аллахтын мечитке баруудан тыйбагыла, бирок алар атыр себинбей чыгышсын".

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

«Аллахтын кулдарын Аллахтын мечиттерине баруудан тыйбагыла, бирок алар атыр себинбестен чыгышсын».

«لَا تَمْنَعُوا إِمَاءَ اللَّهِ مَسَاجِدَ اللَّهِ، وَلَكِنْ لِيَخْرُجْنَ وَهُنَّ تَفِلَاتٌ».

Абу Дауд жазып калтырган.
Хасан (жакшы)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аялдын камкорчусун жана ага жооптуу адамды аялдарды мечиттерге бардырбай коюудан тыйган. Ошондой эле, аялдар эркектердин азгырылышына себепчи болбоосу үчүн, мечитке чыккан учурда атыр себинбестен жана кооз кийим кийип жасанбастан чыгууну буйруган.

Хадистин пайдалары

Аял киши фитна-азгырыктан аман болсо, кооз кийим кийип жасанбастан жана атыр себинбестен чыгып, мечитте намаз окуусуна уруксат.

Муну менен аял кишинин күйөөсүнүн үйүнөн анын уруксатысыз чыгуусуна болбой тургандыгы далилденет. Анткени уруксат берүү буйругу күйөөлөргө багытталган.

Ислам дини аялзатына кам көрөт жана илим алуу үчүн чыгуу жана ушул сыяктуу аларга жакшылык алып келе турган иштерден аларды тыйбайт.

Эркектин аялга башкаруучу экени жана ага кам көрүүсү маалым.

Булактар

Сунан Абу Дауд (1/ 423) (565).

Сунан Абу Дауд (1/ 423) (565).

Дагы (6)

شرح سنن أبي داود للعباد (78/ 6).

شرح أبي داود للعيني (3/ 50).

النهاية في غريب الحديث والأثر ص(109).

شرح سنن أبي داود للعباد (78/ 6).

شرح أبي داود للعيني (3/ 50).

النهاية في غريب الحديث والأثر ص(109).