Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 17

Чыпкаларды алып салуу

Риваят кылынган булак

«Эгер момундарга – же: үммөтүмө – кыйынчылык жаратпаганымда, анда аларга ар бир намаздан алдын мисвак колдонууну буйрумакмын».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيالشمائل المحمدية
Биз үңкүрдө турганыбызда, төбөбүздөгү мушриктердин таманына карадым. Анан: "Оо, Аллахтын Элчиси, эгер алардын бирөөсү өз таманына караса, таманынын астынан бизди көрмөк", - дедим. Ошондо ал: «Оо, Абу Бакр! Үчүнчүсү Аллах болгон эки адам жөнүндө кандай ойдосуң?» - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيالهجرة
"Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өлүм жакындаганда жүзүнө чүпүрөк жаап, өлүм азабынан дем алуусу кыйындаганда, аны жүзүнөн алып салып жатты. Ал ошондой оор абалда жатып: "Аллах яхудийлерди жана христиандарды каргыштады. Алар өздөрүнүн пайгамбарларынын мүрзөлөрүн мечит кылып алышкан" - деп алардын кылгандарынан эскертип жатты".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيوفاته صلى الله عليه وسلم، زيارة القبور، توحيد الألوهية، الشركموضوعات الحديثأهمية التوحيد، اتخاذ القبور مساجدمحاور التعريف بالإسلامبطلان الشرك وصوره، الغلو في الأنبياء
Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларынан бир нече адам анын аялдарынан жашыруун (көзгө көрүнбөгөн) амалдары жөнүндө сурашты. Андан соң алардын кээ бири: «Аялдарга үйлөнбөйм»,— десе, кээ бири: «Эт жебейм»,— деди, ал эми дагы бири: «Төшөккө жатып уктабайм»,— деди. Ошондо Пайгамбар Аллахка мактоо-алкыш айтып, минтип кайрылды: «Тигиндей-мындай деп айткан адамдарга эмне болгон?! Бирок мен намаз да окуйм, уктайм дагы, орозо да кармайм, оозумду да ачам, ошондой эле аялдарга да үйлөнөм. Ким менин сүннөтүмдөн жүз бурса, ал менден эмес».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيالهدي النبوي
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жаман сөз сүйлөгөн эмес жана андайга жол берген эмес. Ал: " Силердин жакшыңар - ахлагыңар жакшыңар" - деп айтчу.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيالأخلاق الحميدة، الصفات الخُلُقية، الهدي النبويموضوعات الحديثحفظ اللسان، حسن الخلقمحاور التعريف بالإسلامما جاء به من الهدى، محاسن الأخلاق
«Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, кырк жашында вахий түшкөн. Меккеде он үч жыл болду, андан соң хижрат кылууга буюрулду. Мындан улам Мадинага хижрат кылды, ошондо ал жерде он жыл болду. Андан соң Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, дүйнөдөн кайтты».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيمبعثه صلى الله عليه وسلم، العهد المكي بعد بعثته صلى الله عليه وسلم، العهد المدني بعد هجرته صلى الله عليه وسلم، وفاته صلى الله عليه وسلم، هجرته صلى الله عليه وسلم، الإيمان بنبينا محمد صلى الله عليه وسلمموضوعات الحديثالإيمان بالرسل عليهم السلاممحاور التعريف بالإسلامالتعريف بالنبي محمد صلى الله عليه وسلم
"Мен кызыл чапан кийген, узун чачтуу адамдардын арасынан Аллахтын Элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өткөн көркөмдүүсүн көрбөдүм. Анын чачы далысына түшкөн, кең далылуу, бою узун да эмес, кыска да эмес эле."
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيالصفات الخَلْقية
"Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аян-кабар эң биринчи уйкудагы туура түштөн башталган. Ал кандай гана түш көрбөсүн, ал таңдын атышындай даана болуп келчү. Андан кийин ага жалгыздык сүйдүрүлдү. Ал Хира үңкүрүндө жалгыз калып, үй-бүлөсүнө кайтканга чейин бир нече түндөрдү ибадат кылып өткөрчү жана ал үчүн өзү менен азык алып алчу. Анан Хадичага кайтып келип, дагы ошончо убакытка азык камдап кетчү. Ошентип, ал Хира үңкүрүндө жүргөндө ага акыйкат (аян-кабар) келди. Ага периште келип: «Оку!» – деди. Ал: «Мен окуганды билбейм» – деди. Аллахтын элчиси айтат: «Ал мени кармап, катуу кыскандыгынан алым кетти. Анан коё берип: «Оку!» – деди. Мен: «Окуганды билбейм» – дедим. Ал мени экинчи жолу кармап, катуу кыскандыгынан алым кетти. Анан коё берип: «Оку!» – деди. Мен дагы: «Окуганды билбейм» – дедим. Ал мени үчүнчү жолу кармап кысып, анан коё берип: «Жараткан Раббиңдин аты менен оку! Ал инсанды уюган кандан жараткан. Оку, сенин Раббиң эң улук Зат!» – деди. [Алак сүрөсү,1-3-аяттар]. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жүрөгү титиреп корккон абалда Хувайлиддин кызы Хадичага (Аллах андан ыраазы болсун) кайтып келип: «Мени ороп койгула, мени ороп койгула!» – деди. Анын коркуусу тараганча ороп коюшту. Анан Хадичага болгон окуяны айтып берип: «Мен өзүмө бир нерсе болуп кетеби деп корктум» – деди. Хадича: «Жок! Аллахка ант болсун, Аллах сени эч качан кор кылбайт. Анткени, сен туугандык байланышты бекемдейсиң, алсыздын жүгүн көтөрөсүң, бей-бечараларга жардам бересиң, коногуңду сыйлайсың жана акыйкат жолундагы кыйынчылыктарга жардам бересиң» – деди. Анан Хадича Пайгамбарыбызды алып, агасынын уулу Варака ибн Науфал ибн Асад ибн Абдул-Уззага барды. Варака жахилият доорунда христиан динин тутунган, иврит (еврей) жазуусун билген адам эле. Ал Инжилден Аллахтын каалаганынча ивритче жазчу. Ал көзү көрбөй калган, карыган адам болчу. Хадича ага: Эй, агамдын уулу, бир тууганыңыздын уулунун айтканына кулак салыңыз - деди. Варака ага: Эй, бир тууганымдын уулу эмне көрдүң? - деди. Аллахтын элчиси ага көргөн нерселерин айтып берди. Варака Пайгамбарыбызга: Бул Аллах Мусага түшүргөн Наамус (периште) турбайбы! Аттиң, мен ал кезде жаш болсом кана! Коомуң сени кууп чыгарган кезде тирүү болсом кана! - деди. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Алар мени кууп чыгышабы? - деп сурады. Варака: Ооба, сен алып келген нерсени алып келген ар бир адам сөзсүз душмандыкка дуушар болгон. Эгерде сенин ал күнүңө жетсем, сага күчтүү жардам беремин - деди. Бирок көп өтпөй Варака кайтыш болду жана аян-кабардын келүүсү бир аз убакытка токтоп калды."
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيمبعثه صلى الله عليه وسلم