Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 2

Чыпкаларды алып салуу

Хадистин даражасы

"Мен мусулман болууну каалап, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, алдына келдим, ал мага суу жана сидр (лотос) жалбырактары менен жуунууну буйруду".
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи жана ан-Насааи жазып калтырган.
التصنيف الشرعيكيف تدخل في الإسلام، موجبات الغسلموضوعات الحديثأحكام الغسلمحاور التعريف بالإسلامما بعد الدخول في الإسلام
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен сапарда чогуу болчубуз, анан ал кажетин өтөө үчүн басып кетти. Биз болсо уясында эки балапаны бар чымчыкты көрүп, анын балапандарын алып алдык. Ал чымчык келип, (тынчсызданып) канаттарын кага баштады. Ошол убакта пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип калды да: «Муну ким баласынан ажыратты? Кайра ордуна коюп койгула!» – деди. Анан биз өрттөп жиберген кумурсканын уюгун көрүп: «Муну ким өрттөдү?» – деп сурады. Биз: Биз (өрттөдүк) – дедик. Ал: «От менен азаптоого оттун Ээсинен башка эч кимдин акысы жок!» – деди.
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд жазып калтырган.
التصنيف الشرعيحقوق الحيوان في الإسلام