Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 3

Чыпкаларды алып салуу
Filter
Pick a property to filter by
الفئة المستهدفة1
حجم المحتوى1
التخريج المتعدد5
التخريج المتعدد: متفق عليه

Хадистин даражасы

Риваят кылынган булак

Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Чындыгында, адал нерселер белгилүү, арам нерселер да белгилүү. Ал эми ал экөөнүн ортосунда көптөгөн адамдар билбеген күмөндүү нерселер бар. Ким ошондой күмөндүү нерселерден сактанса, анда ал динин жана намысын таза сактаптыр. Ким күмөндүү нерселерди кылган болсо, анда ал арамга түшүп калышы мүмкүн. Бул бирөөнүн корук-жайына жакын малын жайып жүргөн чабан сыяктуу. Ал малын карап турбаса, корук-жайга кирип кетүүсү мүмкүн. Ар бир падышанын корук-жайы болот. Аллахтын корук-жайы – Ал арам кылган нерселер. Чындыгында, денеде бир үзүм эт бар, эгерде ал оңолсо, дененин баары оңолот. Эгерде ал бузулса, анда дененин баары бузулат. Мына ошол бир үзүм эт – ал жүрөк».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيفضائل أعمال القلوب، أعمال القلوب، الزهد والورع، تزكية النفوسموضوعات الحديثتعظيم شعائر الله وحرماته، الزهد وقِصَر الأمل، التقوى
Мухаммаддын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үй-бүлөсү Мадинага келген күндөн тартып, ал дүйнөдөн кайтканга чейин катары менен үч түн буудайдан жасалган тамакты тоюп жеген эмес.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيالزهد والورع، الهدي النبوي
"Мухаммаддын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үй-бүлөсү бир күндө эки маал тамактанса, анын бири сөзсүз курма болгон".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيالزهد والورع، الهدي النبوي