Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 14

Чыпкаларды алып салуу

Риваят кылынган булак

"Кимде төмөнкү төрт сыпат болсо, ал анык мунапык болот. Эгер булардын бири болсо, анда мунапыктыктын белгиси болот: сүйлөгөндө жалган сүйлөсө, убадасын аткарбаса, талашса чектен чыгып кетсе, келишимди (кыянаттык менен) бузса".
Сахих (ишенимдүү) Бухарий жана Муслим риваяты
التصنيف الشرعيالأربعون النووية، ذم المعاصي، النفاق
«Эки чоң нээмат (жакшылык) бар. Адамдардын көбү ал экөөнүн кадырына жетпей алданып калышат: алар — ден соолук жана бош убакыт».
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
التصنيف الشرعيتزكية النفوس
"Силерге алсыздарыңардын себебинен гана жардам берилип, ырыскы берилет."
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
التصنيف الشرعيأحوال الصالحين
"Кары адамдын жүрөгү эки нерседе жаш бойдон кала берет: дүйнөнү сүйүүдө жана узун үмүттө."
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
التصنيف الشرعيذم حب الدنيا
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Чынында, Аллах Таала мындай деди: "Ким Менин досума душмандык кылса Мен ага согуш жарыя кыламын. Пендемди мага жакындата турган Мен ага парыз кылган амалдардан өткөн амал жок. Пендем Мага напил амалдар аркылуу жакындаган сайын, Мен аны жакшы көрөм. А Мен аны жакшы көрсөм, анын уга турган кулагы, көрө турган көзү, кармай турган колу жана баса турган буту болом. Эгер менден сураса, берем, Эгер Мени менен сактанса, сактайм. Мен кылган иштеримден момундун жанын алганда экиленгендей экиленген эмесмин, ал өлүмдү жек көрөт, Мен аны кыйнаган нерсени жек көрөм".
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
التصنيف الشرعيأحكام الولاء والبراء، فضائل الأعمال الصالحة، أحوال الصالحين، توحيد الأسماء والصفاتموضوعات الحديثالدعاء، معاداة أولياء الله وأذيتهم، المحبة
«Тозок напсинин кумарлары менен курчалган. Ал эми бейиш кыйынчылыктар менен курчалган».
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضائل أعمال الجوارح، ذَمُّ الهوى والشَّهوات، صفات الجنة والنارموضوعات الحديثالإيمان باليوم الآخرمحاور التعريف بالإسلامالجنة، النار
«Бейиш силерге бут кийимиңердин боосунан да жакыныраак жана тозок да ошол сыяктуу».
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضائل الأعمال الصالحة، ذم المعاصي، صفات الجنة والنارموضوعات الحديثالزهد وقِصَر الأمل، الإيمان باليوم الآخر، الخوف، الرجاءمحاور التعريف بالإسلامالجنة، النار
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) каза болгондо дирхам да, динар да, кул да, күң да, эч нерсе калтырбады. Болгону буурул качыры, куралы жана садага кылган жер үлүшү калды.
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالزهد والورع، الهدي النبوي