Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 71

Чыпкаларды алып салуу
"«Мага Аллахка эч нерсени шерик кошпоого, уурулук кылбоого, зына кылбоого, балдарыңарды өлтүрбөөгө, бирөөнүн кылбаган ишин кылды деп жалган-жала жаппоого жана жакшы иште каршы чыкпоого убада бергиле. Силерден ким убадасын аткарса, анын сообу Аллахтан болот. Ал эми кимде-ким булардан бир нерсе жасап коюп, бул дүйнөдө жазаланса, ал ал үчүн кафарат болот. Ал эми ким булардан бир нерсе жасап коюп, анан Аллах аны жашырса, анын иши Аллахка тапшырылат: эгер кааласа аны кечирет, эгер кааласа аны жазалайт». Биз ага ушул нерселер үчүн убада бердик."
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Бейиш тургундары бейишке киргенден кийин Улуу Аллах Таала: "Дагы бир нерсени каалайсыңарбы, кошумча кылып берейин?" - дейт. Бейиш ээлери: "Сен биздин жүзүбүздү агартпадыңбы? Бейишке киргизбедиңби? Тозоктон куткарбадыңбы?" - дешет. Ошондо Аллах Таала көшөгөнү ачат, аларга Раббисинин жамалын көрүүдөн артык сүйүктүү нерсе берилген эмес эле".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Фитналар (азгырыктар) жүрөктөргө чийдин талдары сыяктуу бирден-бирден тартууланат. Кайсы жүрөк аны өзүнө сиңирип алса, ага кара так түшөт. Ал эми кайсы жүрөк аны четке какса, ага ак так түшөт. Натыйжада жүрөктөр эки түргө бөлүнөт: (бири) жылмакай таш сыяктуу аппак (жүрөк), асман менен жер турганда ага эч бир фитна зыян келтире албайт. Ал эми экинчиси – көмкөрүлгөн кумура сыяктуу күл боз түстөгү кара (жүрөк), ал өзүнүн каалоосу сиңирип алган нерседен башка, жакшылыкты тааныбайт жана жамандыкты четке какпайт." Хузайфа айтты: Мен Умарга: Чынында, сени менен анын (фитнанын) ортосунда жабык эшик бар, ал жакында сынат, - деп айттым. Умар: Атасыз калгыр, ал сынабы? Эгер ал ачылганда, балким кайра жабылмак, - деди. Мен: Жок, тескерисинче ал сынат, - дедим. Жана мен ага ал эшик – өлтүрүлө турган же өлө турган адам экенин, эч кандай жаңылыштыгы жок акыйкат сөз кылып айтып бердим. Абу Халид айтты: Мен Саадга: Оо, Абу Малик, "күл боз түстөгү кара" деген эмне? - дедим. Ал: Каранын ичиндеги катуу актык, - деди. Ал айтты: Мен: А "көмкөрүлгөн кумура" деген эмне? - дедим. Ал: Төңкөрүлгөн (башы ылдый каратылган), - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
Мен: О, Аллахтын элчиси, мага Исламдагы бир сөздү үйрөт, ал жөнүндө сенден башка эч кимден сурабаймын, - дедим. Ал: "Аллахка ыйман келтирдим" дегин, анан түз жүргүн" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жана Ахмад жазып калтырган.
«Аллахтын мүлкүн адилетсиздик менен иштеткен эркектер, алар Кыямат күнү тозокто болушат».
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
“Чынында иш-аракеттер ниетке жараша болот. Аныгында, ар бир адам ниетиндегисине жетет. Кимдин хижраты (жер которуу) Аллах жана Анын элчиси үчүн болсо, анын хижраты Аллах жана Анын элчиси үчүн болот. Ал эми кимдин хижраты жетчү дүнүйө үчүн, же үйлөнчү аял үчүн болсо, ошол ниетиндегисине хижрат кылган болот”.
Сахих (ишенимдүү) Мухаддистердин эки имамы Абу Абдуллах Мухаммед ибн Исмаил ибн Ибрахим ибн Мугира ибн Бардизба Бухарий жана Абулхусейн Муслим ибн Хажжаж ибн Муслим Кушайрий Найсабурий жазылган китептердин эң ишенимдүүсү болгон «сахих» китептеринде риваят кылышкан.
Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кокустан арамга көз салып алуу тууралуу сурадым. Ал көзүмдү дароо буруп кетүүгө буйруду.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Аллах Таала тыйган бул жаман, жийиркеничтүү иштен алыс болгула! Ким буга кабылса, Аллах жашыргандай жашырсын жана тообо кылууга шашылсын. Анткени, ким бизге күнөөсүн ачып берсе, ага Аллахтын китеби менен өкүм, жаза тургузабыз".
Сахих (ишенимдүү) Хааким жана Байхакий риваят кылган