Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 40

Чыпкаларды алып салуу
"Оо, Абу Саид, ким Аллахты Раббим, Исламды диним жана Мухаммадды пайгамбарым деп ыраазы болсо, ага бейиш важиб болот". Абу Саид буга таң калып: "Оо, Аллахтын элчиси, муну мага кайталап айтып бериңизчи", - деди. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кайталап айтты, андан кийин: "Пендени бейиште жүз даражага көтөрө турган дагы бир амал бар, ар бир даражанын аралыгы асман менен жердей", - деди. Абу Саид: "Оо, Аллахтын элчиси, ал эмне?" - деп сурады. Пайгамбар: "Аллах жолунда күрөшүү, Аллах жолунда күрөшүү", - деп жооп берди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيصفات الجنة والنار
"Бейиш тургундары бейишке киргенден кийин Улуу Аллах Таала: "Дагы бир нерсени каалайсыңарбы, кошумча кылып берейин?" - дейт. Бейиш ээлери: "Сен биздин жүзүбүздү агартпадыңбы? Бейишке киргизбедиңби? Тозоктон куткарбадыңбы?" - дешет. Ошондо Аллах Таала көшөгөнү ачат, аларга Раббисинин жамалын көрүүдөн артык сүйүктүү нерсе берилген эмес эле".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيصفات الجنة والنار
"Фитналар (азгырыктар) жүрөктөргө чийдин талдары сыяктуу бирден-бирден тартууланат. Кайсы жүрөк аны өзүнө сиңирип алса, ага кара так түшөт. Ал эми кайсы жүрөк аны четке какса, ага ак так түшөт. Натыйжада жүрөктөр эки түргө бөлүнөт: (бири) жылмакай таш сыяктуу аппак (жүрөк), асман менен жер турганда ага эч бир фитна зыян келтире албайт. Ал эми экинчиси – көмкөрүлгөн кумура сыяктуу күл боз түстөгү кара (жүрөк), ал өзүнүн каалоосу сиңирип алган нерседен башка, жакшылыкты тааныбайт жана жамандыкты четке какпайт." Хузайфа айтты: Мен Умарга: Чынында, сени менен анын (фитнанын) ортосунда жабык эшик бар, ал жакында сынат, - деп айттым. Умар: Атасыз калгыр, ал сынабы? Эгер ал ачылганда, балким кайра жабылмак, - деди. Мен: Жок, тескерисинче ал сынат, - дедим. Жана мен ага ал эшик – өлтүрүлө турган же өлө турган адам экенин, эч кандай жаңылыштыгы жок акыйкат сөз кылып айтып бердим. Абу Халид айтты: Мен Саадга: Оо, Абу Малик, "күл боз түстөгү кара" деген эмне? - дедим. Ал: Каранын ичиндеги катуу актык, - деди. Ал айтты: Мен: А "көмкөрүлгөн кумура" деген эмне? - дедим. Ал: Төңкөрүлгөн (башы ылдый каратылган), - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيذَمُّ الهوى والشَّهوات
"Чындыгында бейиште бир базар бар, ага бейиш эли ар жума күнү келип турушат. Анда түндүк тараптан келген шамал беттерин жана кийимдерин сылап өтөт, андан алардын сулуулуктары дагы да артып үй-бүлөлөрүнө барышса, алардын да сулуулугу көбөйүп калат. Аларга аялдары: Аллахка ант, сулуулугуңар дагы артыптыр деп айтат. Алар да: Аллахка ант, силердин да сулуулугуңар артыптыр дешет."
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيصفات الجنة والنار
Мен: О, Аллахтын элчиси, мага Исламдагы бир сөздү үйрөт, ал жөнүндө сенден башка эч кимден сурабаймын, - дедим. Ал: "Аллахка ыйман келтирдим" дегин, анан түз жүргүн" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيتزكية النفوس، الإيمان بالله عز وجل، الإسلام، الإيمانموضوعات الحديثالإيمان بالله تعالى
“Чынында иш-аракеттер ниетке жараша болот. Аныгында, ар бир адам ниетиндегисине жетет. Кимдин хижраты (жер которуу) Аллах жана Анын элчиси үчүн болсо, анын хижраты Аллах жана Анын элчиси үчүн болот. Ал эми кимдин хижраты жетчү дүнүйө үчүн, же үйлөнчү аял үчүн болсо, ошол ниетиндегисине хижрат кылган болот”.
Сахих (ишенимдүү) Мухаддистердин эки имамы Абу Абдуллах Мухаммед ибн Исмаил ибн Ибрахим ибн Мугира ибн Бардизба Бухарий жана Абулхусейн Муслим ибн Хажжаж ибн Муслим Кушайрий Найсабурий жазылган китептердин эң ишенимдүүсү болгон «сахих» китептеринде риваят кылышкан.
التصنيف الشرعيالأربعون النووية، أعمال القلوب
«Араңардан ким гана болбосун, сөзсүз Аллах тууралуу жакшы күмөндө болгон абалда жан берсин.»
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيأعمال القلوب
Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кокустан арамга көз салып алуу тууралуу сурадым. Ал көзүмдү дароо буруп кетүүгө буйруду.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيتزكية النفوس