Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 3

Чыпкаларды алып салуу
«Аллах бейиш менен тозокту жаратканда Жеибрейил периштени бейишке жөнөтүп: «Бейишке көз салып көр, мен ал үчүн эмнелерди гана даярдаганымды кара» - деди. Жебирейил периште бейишти көрүп чыгып: «Сенин улуулугуңа ант болсун, аны ким гана уккан болсо, анда ага сөзсүз аракет кылып кирет" - деди. Ошондо Аллах бейишти кыйынчылыктар менен курчоого буйруду. Анан Жебирейил периштеге: «Бейишке баргын да, бейишти жана Мен анда анын эли үчүн эмнелерди даярдап койгонумду карагын» - деп жөнөттү. Жебирейил периште бейишке келип караса, анын айланасы кыйынчылыктар менен курчалган экен. Жебирейил периште Раббисине келип мындай деп айтты: «Сенин кудуретиңе ант болсун, ага эч ким кире албайтко деп корктум». Аллах ага: «Сен баргын да, тозокту жана анын эли үчүн эмнени даярдап койгонумду көр» - деп буйруду. Периште тозокко барып караса, алар биринин алоолонгон отунан экинчисинин оту өйдө болуп жанып жаткан экен, анан кайра кайтып келип: «Сенин улуулугуңа ант болсун, ага эч ким кирбейт» – деп айтат. Ошондо Аллах аны азгырыктар менен курчоого буйруйт. Анан Жебирейилге: «Артка кайтып барып, аны кайрадан карагын» - деп кайра карап келүүгө буйруйт. Жебиреийл периште барып караса, анын айланасы азгырыктар менен курчалган болот. Ал Аллахка кайтып барып: «Сенин улуулугуңа ант болсун, мен андан эч ким кутула албайт деп коркуп турам» - деп айтат».
Хасан (жакшы) Абу Дауд, ат-Тирмизи жана ан-Насааи жазып калтырган.
التصنيف الشرعيذَمُّ الهوى والشَّهوات، صفات الجنة والنار، الحياة الآخرةموضوعات الحديثالصبر، الإيمان باليوم الآخرمحاور التعريف بالإسلامالجنة، النار
«Мени асманга көтөрүшкөндө, жезден болгон тырмактары менен өз беттерин жана көкүрөктөрүн тытып жаткан бир коомдун жанынан өттүм. Ошондо мен: – Эй, Жебрейил! Булар кимдер? - деп сурадым. Ал: – Булар адамдардын этин жегендер (гыйбат кылгандар) жана алардын абийирине кол салгандар (шек келтиргендер), - деп айтты».
Хасан (жакшы) Абу Дауд жазып калтырган.
التصنيف الشرعيذم المعاصي
«Куран жаттаган адамга мындай деп айтылат: «Куран оку жана көтөрүл. Аны дүйнөдө окугандай кылып кырааты менен оку. Чындыгында, сенин даражаң акыркы окуган аятыңа жараша болот».
Хасан (жакшы) Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ан-Насааи "Ал-Кубро" китебинде жазып калтырган жана Ахмад да жазып калтырган.
التصنيف الشرعيوصف القرآن وفضائله، آداب تلاوة القرآن الكريم، صفات الجنة والنارموضوعات الحديثتلاوة القرآن، القرآن وعلومه، الإيمان باليوم الآخر