Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 63

Чыпкаларды алып салуу
"Субхан Аллоохи, валхамду лиллаахи, ва лаа илааха иллаллооху, валлааху акбар" деп айтуу мен үчүн күн нуру тийген нерсенин баарынан жакшы".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضل الذكر، الأذكار المطلقةموضوعات الحديثالذِّكْر
"Бири-бириңе көралбастык кылбагыла. Бири-бириң менен (адамдарды алдоо үчүн) жасалма соода кылбагыла. Бири-бириңерди жек көрбөгүлө. Бири-бириңерден жүз буруп артыңарды салып кетпегиле. Бириңдин соодасынын үстүнөн экинчиң соода кылбагыла. Бир тууган Аллахтын пенделери болгула! Мусулман мусулмандын бир тууганы. Ага зулум кылбайт, аны таштап койбойт, аны кемсинтпейт. Такыбалык ушул жерде" деп анан колу менен үч жолу көкүрөгүн көрсөттү. Анан: "Мусулман бир тууганын кемсинтүү кишиге жетиштүү күнөө болот. Ар бир мусулмандын каны, малы, ар-намысы экинчи мусулманга арам" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأخلاق الحميدة، الأربعون النووية، تزكية النفوس
Мен: О, Аллахтын элчиси, мага Исламдагы бир сөздү үйрөт, ал жөнүндө сенден башка эч кимден сурабаймын, - дедим. Ал: "Аллахка ыйман келтирдим" дегин, анан түз жүргүн" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأربعون النووية، تزكية النفوس، الإيمان بالله عز وجل
«Тазалык – ыймандын жарымы. Алхамдулиллахи сөзү амал таразаны толтурат. Субхааналлах жана Алхамдулиллах сөздөрү болсо асмандар менен жердин ортосун толтурат. Намаз – нур, садака бул - далил, ал эми сабырдуулук болсо жарыктык. Куран болсо, сенин пайдаңа же сенин зыяныңа күбөө болот. Ар бир инсан күндө өз нафсисин Аллах үчүн же шайтан үчүн сатыкка коёт, анан аны куткарып алат же аны зыянга учуратат».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيوصف القرآن وفضائله، فضائل الأعمال الصالحة، فضل الذكر، الأخلاق الحميدة، فوائد ذكر الله عز وجل، تزكية النفوس، فضل الوضوء، وجوب الصلاة وفضلها وحكم تاركها، صدقة التطوعموضوعات الحديثتلاوة القرآن، الذِّكْر، الصبر، صدقة التطوع، مكانة الصلاة وفضلها
"Силер каалагандай тамак жана суусундуктун үстүндө эмессиңерби? Акыйкатта, мен Пайгамбарыңардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) курсагын толтурууга (начар) курма да таппай калганын көрдүм."
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيذم حب الدنيا
«Чындыгында, Аллах мага: "Бирөө бирөөгө мактанбашы жана бирөө бирөөгө зулум кылбашы үчүн бири-бириңерге кичипейил болгула!" — деп вахий кылды».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأخلاق الحميدة، أعمال القلوب
«Чындыгында, Аллах силердин келбетиңерге жана байлыгыңарга карабайт, бирок жүрөгүңөргө жана иш-аракетиңерге карайт».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضائل أعمال القلوب، أعمال القلوب، تزكية النفوس، توحيد الأسماء والصفاتموضوعات الحديثالإخلاص، التقوىمحاور التعريف بالإسلاممحتوى للباحثين عن المعنى والروحانية، عدل الإسلام
"Момундун ишине таң каламын. Анын бардык иши жакшылык. Мындай момун үчүн гана болот. Эгер ага кубаныч болсо, ага шүгүр кылат. Бул ал үчүн жакшы. Эгер ага зыян болсо, ага сабыр кылат. Бул да ал үчүн жакшы».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضائل أعمال القلوب، أعمال القلوب، تزكية النفوس، الإيمان بالقضاء والقدرموضوعات الحديثالصبر، الإيمان بالقدر خيره وشره، الشكرمحاور التعريف بالإسلاممعنى الابتلاء