Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 67

Чыпкаларды алып салуу

Риваят кылынган булак

Мусулман кишиге чарчап-чалыгуу, оору, кыжаалатчылык, кайгы-капа, ыза, кыйынчылык болсо, атүгүл, тикен сайылса да, ошонун себебинен Аллах анын каталарын өчүрөт".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيالرقائق والمواعظ، فضائل التوحيد، الأخلاق الحميدة، الإيمان بالقضاء والقدرموضوعات الحديثالصبر، سعة فضل الله عز وجل
«Чындыгында, тозок ээлеринин ичинен эң жеңил азап тартуучусу — бутунда тозоктон болгон эки кепичи жана эки боосу бар адам. Алардан улам анын мээси кудум казан кайнагандай кайнап турат. Ал эч кимди өзүнөн катуураак азап тартып жатат деп ойлобойт, бирок чынында ал алардын эң жеңил азап тартуучусу».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيصفات الجنة والنار
"Бир киши экинчи бир кишинин кабырынын жанынан өтүп бара жатып: "Аттиң десе, ушунун ордунда мен болуп калганымда" деп (самап) калмайынча кыямат болбойт".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيأحوال الصالحين، تزكية النفوس، أشراط الساعةموضوعات الحديثأشراط الساعة
«Тууганчылык байланышты үзгөн адам бейишке кирбейт».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيفضائل صلة الأرحام، ذم المعاصيموضوعات الحديثصلة الرحم، قطيعة الرحم
Кайсы күнөө Аллах үчүн өтө оор? - деп пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сурадым. "Ал сени жаратканына карабай, Ага башканы шерик кошууң" - деди. Ырас, бул өтө оор. Андан кийин кайсы күнөө? - деп сурадым. "Өзүң менен бирге аны багуудан коркуп, балаңды өлтүрүүң" - деди. Андан кийин кайсы? - дедим. "Кошунаңдын аялы менен ойноштук кылууң" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيحد الزنا، ذم المعاصي، تربية الأولاد، توحيد الربوبية، الشركموضوعات الحديثقتل النفس، الزنا، أهمية التوحيد، أذى الجار، الشرك بالله وأقسامه، التوكلمحاور التعريف بالإسلامبطلان الشرك وصوره، بطلان عبادة غير الله
«Эгерде адам баласынын эки өрөөн байлыгы болсо, ал үчүнчү өрөөндү да кааламак. Адам баласынын ичин топурак гана толтурат. Жана ким тообо кылса, Аллах анын тообосун кабыл кылат».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيالأخلاق الذميمة، ذم حب الدنيا
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ажатканага кирээрде: "Аллахым, жиндердин эркек, ургаачысынын жамандыгынан сактоону Өзүңдөн тилейм" деп айтчу.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيأذكار الدخول والخروج من الخلاء، الاستنجاء وقضاء الحاجةموضوعات الحديثآداب قضاء الحاجة
Селердин күйгүзгөн отуңар – тозок отунун жетимиш бөлүгүнүн бири. Анда: «Оо, Аллахтын Элчиси! Бул дүйнөнүн оту болсо да жетиштүү болмок» - деп айтылды. Пайгамбар: «Тозоктун оту бул дүйнөнүн отунан алтымыш тогуз эсе ысык болду. Анын баары бул дүйнөнүн отунун ысыгындай ысык».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيصفات الجنة والنار، الحياة الآخرةموضوعات الحديثالإيمان باليوم الآخر، الخوفمحاور التعريف بالإسلامالنار