Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 113

Чыпкаларды алып салуу

Равий

Бардык равийлерди көрсөтүү (54)
Ар бир парз намаздан кийин биринин артынан бири айтыла турган (зикр) сөздөр айтуучуну (сооптон) куру калтырбайт, булар: отуз үч тасбих, отуз үч тахмид, отуз төрт такбир".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен чогуу отурганбыз. Кокустан ал бир нерсенин катуу урунган добушун угуп: "Бул эмне экенин билесиңерби?" - деди. Биз: Аллах жана Анын элчиси жакшы билет - дедик. Ал: "Бул жетимиш жыл мурда тозокко ыргытылган таш, ал учуп барып тозоктун түбүнө азыр түштү" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Дүнүйөгө кызыкпа - Аллах сени жакшы көрөт. Адамдардын колундагы нерселерге кызыкпа - адамдар сени жакшы көрөт".
Имам Навави: "Хасан хадис", - деген. Ибн Маажа ж.б. хасан иснаддар менен риваят кылган
"Чындыгында бейиште бир дарак бар, күлүк, ылдам, суутулуп тапталган ат менен чаап жүрүп олтурган адам андан жүз жылда да басып өтө албайт."
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Кимде-ким тоодон боюн таштап өзүн-өзү өлтүрсө, ал тозок отунда болот жана анда түбөлүктөн-түбөлүккө калып, дайыма өзүн таштап турат. Жана кимде-ким уу ичип өзүн-өзү өлтүрсө, уусу колунда болот жана тозок отунда түбөлүктөн-түбөлүккө калып, аны дайыма ичип турат. Жана кимде-ким өзүн-өзү темир менен өлтүрсө, темири колунда болот жана тозок отунда түбөлүктөн-түбөлүккө калып, аны менен өз курсагына дайыма сайып турат».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Силерге чоң күнөөлөрдүн эң оору жөнүндө кабар берейинби?"- деп үч жолу айтты. Ошондо сахабалар: "Ооба, оо, Аллахтын Элчиси!" - дешти. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Аллахка шерик кошуу жана ата-энени нараазы кылуу". Ошондо Пайгамбар жөлөнүп жаткан жеринен отура калып: "Жалган күбөлүк берүү!" - деп кайра-кайра айтып, биз: "Токтотсо экен" дегенге чейин кайталай берди".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Ислам чоочун болуп башталды жана ал кандай башталса, кайрадан ошол чоочун абалына кайтат. Андыктан чоочундарга сүйүнчү болсун!»
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Бул дүйнө жашоосунда жат жерлик адамдай же жолоочу сыяктуу бол!" Ибн Умар: Эгер кечке жетсең, таңды күтпөгүн. Таңга жетсең, кечти күтпөгүн. Ооруп калганга чейин ден соолугуңду пайдалан. Өлүм келгенге чейин тирүүлүгүңдү пайдалан - деп айтчу.
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.