Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 4

Чыпкаларды алып салуу
"Жыргалчылыктарды жок кылуучуну көп эстегиле," б.а. өлүмдү.
Хасан (жакшы) Ат-Тирмизи, ан-Насааи жана Ибн Маажа риваят кылган
التصنيف الشرعيذم حب الدنيا
Эртең менен таң атырганда ал минтип айтчу: "Аллахым, Сенин атың менен таң атырабыз. Сенин атың менен кечти киргизебиз. Сенин атың менен тирилебиз. Сенин атың менен өлөбүз. Кайра тирилип баруу Сага гана" Кеч киргенде минтип айтчу: "Аллахым, Сенин атың менен кеч киргизебиз. Сенин атың менен таң атырабыз. Сенин атың менен тирилебиз. Сенин атың менен өлөбүз. Кайра тирилип баруу Сага гана". Кээде: "Кайра кайтып баруу Сага гана" дечү.
Хасан (жакшы) Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи Кубра китебинде жана Ибн Маажа риваят кылган
التصنيف الشرعيأذكار الصباح والمساء
"Чындыгында дүйнө наалатталган (каргышка калган), андагы нерселер да наалатталган. Бир гана Аллахты зикир кылуу жана Ага жакындаткан (Аллах сүйгөн) иштер, аалым (илим үйрөтүүчү) же илим алуучу гана мындан тышкары."
Хасан (жакшы) Ат-Тирмизи жана Ибн Маажа жазып калтырган.
التصنيف الشرعيذم حب الدنيا
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдарды бейишке эң көп эмне киргизе тургандыгы жөнүндө суралганда, ал: «Аллахка такыбалык кылуу жана жакшы адеп-ахлак» - деп айтты. Андан кийин адамдарды тозокко эң көп эмне киргизе тургандыгы жөнүндө суралганда: «Ооз жана жыныстык мүчө» - деп жооп берди.
Хасан Сахих (жакшы, ишенимдүү хадис). Ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأخلاق الحميدة، أعمال القلوب، ذم المعاصي، صفات الجنة والنارموضوعات الحديثالزنا، اللواط، حفظ اللسان، حسن الخلق، التقوىمحاور التعريف بالإسلاممحاسن الأخلاق