Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 5

Чыпкаларды алып салуу
Алар: "Оо, Аллахтын элчиси, биз жейбиз, бирок тойбойбуз" - дешти. Ал: «Балким, силер бөлүнүп тамактансаңар керек?» - деди. Алар: "Ооба" - дешти. Ал: «Тамагыңарга чогулуп, ага Аллахтын ысымын атагыла, ошондо силер үчүн тамагыңар берекелүү болот» - деди.
Хасан (жакшы) Абу Дауд, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيآداب الأكل والشرب
«Эки мусулман кездешип, кол алышып учурашса, ал экөө бири-биринен ажырап кеткенге чейин күнөөлөрү кечирилет».
Сахих бимажмуъи тарикихи (бардык тарабынан ишенимдүү хадис). Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضائل الأعمال الصالحة، آداب السلام والاستئذان
"Кийимдериңердин агын кийгиле! Анткени ал кийимдериңердин эң жакшысы жана маркумдарыңарды да ага кепиндегиле."
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ибн Маажа жазып калтырган.
التصنيف الشرعيآداب اللباس
«Мусулмандын изары (эркектин денесинин төмөнкү бөлүгүн жаба турган кийимдер) балтырынын жарымына чейин болот, ал эми аны менен кызыл ашыктын ортосунда болуусунда эч кандай күнөө (же айып) жок. Кызыл ашыктан ылдый болгону тозокто болот. Кимде-ким текеберленип изарын сүйрөп жүрсө (кызыл ашыктан ылдый кылып), Аллах ага карабайт».
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيآداب اللباس
"«Кимде-ким Аллах Азза ва Жалланын ыраазылыгы көздөлө турган илимди бир гана дүйнө кызыкчылыгына жетүү үчүн үйрөнсө, ал Кыямат күнү бейиштин жыпар жытын таппайт», - башкача айтканда, анын жытын."
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأخلاق الذميمة، آداب العالم والمتعلم