Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 6

Чыпкаларды алып салуу
«Кимде-ким кедейдин карызын төлөө мөөнөтүн кечиктирсе, же карызынын баарын же бир бөлүгүн кечип салса, анда Аллах аны Кыямат күнү Өз Аршынын көлөкөсүндө башка эч кандай көлөкө жок болгон күнү көлөкө кылат».
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالقرض، فضائل الأعمال الصالحة، الأخلاق الحميدة، الحياة الآخرةموضوعات الحديثالقرض، الإحسان إلى الخلق، قضاء حوائج المسلمين، الإيمان باليوم الآخر
"Адам Исламды эң жакшы кармануусу - өзүнө тиешеси жок нерсеге кийлигишпегени".
Имам Навави: "Хасан хадис", - деген. Тирмизи жана башкалар риваят кылган
التصنيف الشرعيالأخلاق الذميمة، الأربعون النووية
«Силерге жаманыңар жана жакшыңар ким экенин айтып берейинби?» Алар унчугушпады. Ал муну үч жолу кайталады. Ошондо бир киши: «Ооба, о Аллахтын элчиси, бизге жаманыбызды да, жакшыбызды да айтып бериңиз» - деди. Ал: «Силердин жакшыңар – андан жакшылык үмүт кылынган жана жамандыгынан башкалар коопсуз болгон адам. Ал эми эң жаманыңар – андан жакшылык үмүт кылынбаган жана жамандыгынан башкалар коопсуз болбогон адам» - деди.
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأخلاق الحميدة
"Ыймандуулардын ыйманы толугу - кулк-мүнөзү жакшысы. Силердин эң жакшыңар - аялзатына жакшы мамиле кылганыңар".
Хасан (жакшы) Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأخلاق الحميدة، العشرة بين الزوجين، الإيمانموضوعات الحديثحسن الخلق، حق الزوجةمحاور التعريف بالإسلاممحاسن الأخلاق
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдарды бейишке эң көп эмне киргизе тургандыгы жөнүндө суралганда, ал: «Аллахка такыбалык кылуу жана жакшы адеп-ахлак» - деп айтты. Андан кийин адамдарды тозокко эң көп эмне киргизе тургандыгы жөнүндө суралганда: «Ооз жана жыныстык мүчө» - деп жооп берди.
Хасан Сахих (жакшы, ишенимдүү хадис). Ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأخلاق الحميدة، أعمال القلوب، ذم المعاصي، صفات الجنة والنارموضوعات الحديثالزنا، اللواط، حفظ اللسان، حسن الخلق، التقوىمحاور التعريف بالإسلاممحاسن الأخلاق
«Адамдарга ыраазы болбогон - Аллахка шүгүр кылбайт».
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأخلاق الحميدة