Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 14

Чыпкаларды алып салуу

Риваят кылынган булак

Абдурахман бин Ауфтун аялы Умму Хабиба бинт Жахш Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) каны токтобостугун айтып арызданып келди. Ал ага: "Өзүң айыз деп эсептеген мөөнөтүңчө намазды токтотуп тур да, анан жуунуп (окуй) бер" - деди. Ошондон кийин ал ар бир намазына жуунуп жүргөнүн көрдүм.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالحيض والنفاس والاستحاضةموضوعات الحديثأحكام الغسل، أحكام الحيض والنفاس، أحكام الاستحاضة
Мен Айша энебизден: "Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үйүнө киргенде эмне менен баштайт эле?" - деп сурадым. Ал: "Мисвак менен", - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيسنن الفطرة والسواك
"Ким даарат алганда жеткиликтүү жакшы даарат алса, денесинен күнөөлөрү төгүлүп, тырмактарынын астынан чыгып кетет".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضل الوضوءموضوعات الحديثأحكام الوضوء
Бир киши даарат алып бутун жууганда тырмак ордундай жерине суу тийбей калды эле аны көрүп калган пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Кайра кайт да, дааратыңды жакшылап ал" - деди. Тиги кайра даарат алып, анан намаз окуду.
Сахих бишаваахидихи (башка ишенимдүү айтымдары бар хадис). Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيأركان الوضوء، صفة الوضوءموضوعات الحديثأحكام الوضوء
Мушриктер бизге мындай деп айтышты: Чындыгында, мен силердин жолдошуңардын (Пайгамбарыңардын) силерге ал тургай даарат ушатууну да үйрөтүп жатканын көрүп турам. Ошондо ал айтты: Ооба! Чындыгында, ал бизди оң колубуз менен тазалануудан (истинжа кылуудан) же даарат ушатканда кыбылага жүздөнүүдөн тыйды. Ошондой эле тезек жана сөөктөр менен (тазалануудан) кайтарып: «Силердин эч кимиңер үчтөн аз таш менен истинжа кылбасын», - деп айтты.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالاستنجاء وقضاء الحاجة
“Кайсы бир мусулман жакшылап даарат алып, анан жүзү менен да, жүрөгү менен да берилип эки ирекет намаз окуса, анын бейишке кирүүсү анык болот”. (Аны угуп): Кандай жакшы сөз... – деп жибердим (сүйүнүп). Менин жанымда турган киши: Мындан мурдагы айтканы мындан да жакшы болчу, – деди. Карасам, ал Умар (ага Аллах ыраазы болсун) экен. Ал мага карап: Сенин эми эле келгениңди көрдүм, сага чейин ал: “Кимдир бирөөңөр жакшылап толук даарат алып, анан: “Ашхаду ан лаа илааха иллаллааху ва анна Мухаммадан аъбдуху ва расуулуху” деп айтса, ага бейиштин сегиз эшиги ачылып алардын каалаганынан кирет” деп айтты" – деди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيسنن وآداب الوضوء