Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 41

Чыпкаларды алып салуу
“Силерден ким болбосун уйкуга жаткан учурда шайтан желкесине үч түйүн түйөт. Ар бир түйүндү түйүп жатып "Алдыда узун түн бар, уктай бер деп түйгөн жерине урат. Эгер ал ойгонуп, Аллахты эстесе, түйүндөрдүн бири чечилет. Эгер даарат алса, экинчи түйүн чечилет. Эгер намаз окуса, акыркысы да чечилип, эртең менен сергек турат жана маанайы ачык жүрөт. А эгер андай кылбаса, маанайы жок, илең-салаң ойгонот”
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Эгерде силердин бирөөңөр курсагындагы желдин чыкканын билсе жана андан жел чыктыбы же чыкпадыбы деп күмөн санаса, ал желдин үнүн укмайынча же жытын жыттамайынча мечиттен чыкпасын".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Силерден бирөөңөрдүн даараты бузулса, даарат алмайынча Аллах намазын кабыл кылбайт".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ар бир намазга даарат алчу"- деди. Ошондо (Амр бин Аамир) Мен: "Силер кандай кылат элеңер?" - деп сурадым. Ал Анас бин Малик: "Даарат бузулбаса, ар бирибизге бир даарат менен (бир нече намаз окууга) болот" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
Беш нерсе бул адамдын табияттык тазалыгынан. Алар: сүннөткө отургузуу, уяттуу жерлердеги түктөрдү кыруу, мурутту кыскартуу, тырмактарды алуу жана колтуктун түктөрүн жулуу.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Даарат ушатууга барганыңарда кыбалага жүздөнүп отурбагыла, артыңарды да салбагыла. Чыгышка же батышка жүздөнүп отургула". Абу Айуб айтат: Биз Шам тарапка барганда ал жакта даараткананы кыбылага каратып салынган экен, биз бурулуп отуруп, анан Аллахтан кечирим айтып жүрдүк.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Мен мусулман болууну каалап, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, алдына келдим, ал мага суу жана сидр (лотос) жалбырактары менен жуунууну буйруду".
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи жана ан-Насааи жазып калтырган.
"Эч кимиңер заара кылганда мүчөсүн оң колу менен кармабасын. Даарат ушатканда оң колу менен тазалабасын. Ичкенде идиштин ичине демин чыгарбасын".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)