Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 10

Чыпкаларды алып салуу

Риваят кылынган булак

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) назр кылуудан тыйып: "Назр жакшылык алып келбейт, сараң адамдан гана чыгарылуусу талап кылынат" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيالأيمان والنذور
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Бани Сулайм уруусунун садакаларын жыйноого Ибн Аль-Лутбийя деген бир адамды дайындады. Ал келип, эсеп бергенде: «Бул силердин мал-мүлкүңөр, ал эми бул мага берилген белек» - деди. Ошондо Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Эгер сен чынчыл болсоң, ата-энеңдин үйүндө отурбайт белең, белегиң сага өзү келмек бекен?!» - деди. Андан кийин ал бизге хутба айтты, Аллахка мактоо айтып, даңазалап анан мындай деди: «Андан соң, Аллах мага тапшырган иштерге мен силерден бир адамды дайындаймын. Анан ал келип: "Бул силердин мал-мүлкүңөр, ал эми бул мага берилген белек" - деп айтат. Ал ата-энесинин үйүндө отура бербейт беле, белеги ага өзү келмек бекен?! Аллахка ант ичем, силердин кимиңер өз акысы болбогон нерсени алса, Кыямат күнү ал ошол нерсени көтөргөн абалда Аллахка жолугат. Мен силерден кимдир бирөөнүн боздогон төө, же мөөрөгөн уй, же маараган койду көтөрүп Аллахка жолукканын албетте тааныймын». Андан кийин ал колтугунун агы көрүнгөнгө чейин колун көтөрүп: «Оо, Аллах, мен жеткирдимби?» - деп айтты. Муну көзүм көрүп, кулагым укту.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيالهبة والعطية، حقوق الرعية على الإمام
«Жебирейил периште мага кошуна жөнүндө «мен кошуна да мурас алат экен» деп мен ойлоп калганга чейин насаат айтып жатты".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيالصلح وأحكام الجوار، الأخلاق الحميدةموضوعات الحديثالإحسان إلى الجارمحاور التعريف بالإسلاممحاسن الأخلاق
«Кыйратуучу жети күнөөдөн алыс болгула». Ошондо сахабалар: «Оо, Аллахтын элчиси! Алар кайсылар?» — деп сурашты. Аллахтын элчиси: «Аллахка ширк кылуу, сыйкырчылык, Аллах өлтүрүүнү арам кылган жанды эч бир акысыз өлтүрүү, сүткорлук кылуу, жетимдин мал-мүлкүн жегендик, согуш учурунда артка качуу жана күнөө кылуудан капилетте калган, абийирдүү жана ыймандуу аялдарга бузуку деп жалаа жабуу» - деп айтты».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيالربا، الأخلاق الذميمة، ذم المعاصي، الشركموضوعات الحديثالربا، قتل النفس، الزنا، قذف المحصنات، أكل مال اليتيم، قذف المحصنات، السحرمحاور التعريف بالإسلامبطلان الشرك وصوره
"Кимде-ким мусулман адамдын мал-мүлкүн тартып алуу үчүн жалган ант берсе, Аллахка ал Аллах ага ачууланган абалда жолугат." Ал-Ашас айтты: Аллахка ант, бул мен жөнүндө болгон. Мени менен бир Яхудийдин ортосунда жер бар эле, ал менин акымды танып койду. Анан мен аны Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алып бардым. Ошондо Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мага: "Сенин далилиң барбы?" - деди. Мен: Жок, - дедим. Ал Яхудийге: "Ант ич", - деди. Мен: Оо, Аллахтын элчиси, анда ал ант ичип, менин мал-мүлкүмдү алып кетет да", - дедим. Ошондо Аллах Таала: «Ал эми, Аллахка берген убадаларын жана анттарын арзыбаган баага сатып жиберген кишилер....» (Алу Имран сүрөсү, 77-аят) - деген аятты аягына чейин түшүрдү.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيالأيمان والنذور، الدعاوى والبيِّنات
"Алтыны жана күмүшү бар адам, ал экөөнүн акысын бербесе, кыямат күнү болгондо, алтын-күмүшү оттон болгон тактайчага айланат жана ал отко кызытылат, анан аны менен ээсинин капталына, бешенесине жана артына үтүктөлүп белги салынат. Ал муздаган сайын кайра кайталанып турат. Бул күндүн узактыгы элүү миң жылга тете болот. Ошентип качан адамдарга өкүм чыгып, бара турган жерин же бейишти, же тозокту көргөнгө чейин азапталат".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيالوقف، وجوب الزكاة وحكم تاركها، الحياة الآخرة
"Күмүштү алтынга алмаштыруу сүткордук болот, бирок колмо-кол болсо эч нерсе эмес. Буудайды буудайга алмаштыруу сүткордук болот, бирок колмо-кол болсо эч нерсе эмес. Арпаны арпага алмаштыруу сүткордук болот, бирок колмо-кол болсо эч нерсе эмес. Курманы курмага алмаштыруу сүткордук болот. Бирок колмо-кол болсо эч нерсе эмес".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيالربا
Ашари уруусунан бир канча адам болуп Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мингенге улоо сурап бардык. Ал: "Аллахка ант болсун, силерге улоо бере албаймын. Менде силерге бере турган улоо жок" - деди. Арадан бир аз өткөндөн кийин ага олжого түшкөн төө келип калып, бизге үч төө берүүгө буйруду. Биз төөнү алып кетип жатканда бири-бирибизге: Бизди Кудай урду го, Аллахтын элчисине улоо сурап барып ал бизге улоо бербеймин деп Аллахтын атына касам ичип, анан кайра улоо берип койду го деп сөз кылдык. Абу Муса (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Анан Аллахтын элчисине кайра келип оюбузду айттык. Ал: "Силерге төөнү мен берген жокмун, Аллах Таала берди. Аллах кааласа, мен касам ичип кийин андан жакшы ишти көрсөм, касамымды бузуп, жакшы ишти аткара берем" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيالأيمان والنذور