Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 3

Чыпкаларды алып салуу
«Куран жаттаган адамга мындай деп айтылат: «Куран оку жана көтөрүл. Аны дүйнөдө окугандай кылып кырааты менен оку. Чындыгында, сенин даражаң акыркы окуган аятыңа жараша болот».
Хасан (жакшы) Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ан-Насааи "Ал-Кубро" китебинде жазып калтырган жана Ахмад да жазып калтырган.
التصنيف الشرعيوصف القرآن وفضائله، آداب تلاوة القرآن الكريم، صفات الجنة والنارموضوعات الحديثتلاوة القرآن، القرآن وعلومه، الإيمان باليوم الآخر
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жунуб болгондон башка бардык абалда бизге Куранды окуп берчү.
Хасан (жакшы) Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи, Ибн Маажа жана Ахмад риваят кылган
التصنيف الشرعيأحكام القرآن والمصاحف، الغسل
Улуу Аллах Таала: "Кимде-ким Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылбаса, алар анык каапырлар!" [Маида: 44], "...ошолор анык залымдар!" [Маида: 45] жана "...ошолор анык бузукулар!" [Маида: 47] деген мааниси жакын үч аятты түшүргөн. (Хадисти айтып өткөрүүчү) айтат: Ибн Аббас минтип айткан: "Аллах бул аяттарды жөөттөрдүн эки тайпасы жөнүндө түшүргөн. Түркөйлүк доордо алардын бири экинчисине үстөмдүк кылган. Натыйжада, күчтүү тайпа алсыз тайпадан кимдир бирөөнү өлтүрсө, анын куну элүү васк (өлчөм бирдиги) болоруна, ал эми алсыз тайпа күчтүү тайпадан кимдир бирөөнү өлтүрсө, анын куну жүз васк болоруна ыраазы болуп, келишим түзүшкөн болчу. Алар пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Мадинага келгенге чейин ушул келишимди аткарышкан. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келгенден кийин эки тайпа тең ага моюн сунуп калышты. Бирок ал кезде Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) толук үстөмдүк кыла элек болчу жана аларды өзүнө күч менен баш ийдирген эмес эле, болгону ортодо тынчтык келишими болгон. Ошол убакта алсыз тайпадан бирөө күчтүү тайпадан бирөөнү өлтүрүп коёт. Күчтүү тайпа алсыз тайпага: «Бизге жүз васк кун жөнөткүлө», - деп талап койот. Анда алсыз тайпа: «Качандыр бир убакта дини бир, теги бир жана шаары бир болгон эки уруунун биринин куну экинчисинин кунунун жарымына барабар болгон беле?! Биз муну силер бизге зордук-зомбулук кылып, силерден коркконубуз үчүн гана берип келгенбиз. Эми Мухаммад келгенден кийин, биз силерге аны бербейбиз!» - дешти. Ушундан улам алардын ортосунда согуш чыгып кете жаздайт. Кийин алар Аллахтын элчисин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өкүм чыгаруучу кылууга макулдашат. Бирок күчтүү тайпа пикирленип минтип айтат: «Аллахка ант болсун, Мухаммад алардын силерге бере турган кунун силердин аларга бере турган кунуңардан эки эсе көп кылып бербейт. Алар негизи туура айтышты: алар муну биздин аларга көрсөткөн зордугубуз жана аларды коркутканыбыз үчүн гана беришкен. Ошондуктан Мухаммадга анын пикирин силерге билип бере турган бирөөлөрдү жашыруун жөнөткүлө: эгерде ал силер каалаган нерсени берсе, анда аны өкүм чыгаруучу (казы) кыласыңар. Ал эми бербесе, андан сак болосуңар да, аны өкүм чыгаруучу кылбайсыңар». Ошентип, алар Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пикирин билип келүү үчүн мунафыктардан бир-экөөнү ага жашыруун жөнөтүштү. Алар Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келгенде, Аллах Таала элчисине алардын иштери жана эмнени каалап жатышканы тууралуу кабар берди. Ошондо Аллах Таала: «О элчи! "ыйман келтирдик" деп айткандардын арасынан каапырлыкка шашылгандар сени капалантпасын...» [Маида: 41] деген аяттан баштап, «...Кимде-ким Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылбаса, ошолор анык бузукулар!» [Маида: 47] деген аятка чейин түшүрдү. Ибн Аббас ал эки тайпа жөнүндө: «Аллахка ант болсун, ал аяттар ушулар жөнүндө түшкөн жана Улуу Аллах Таала ушул экөөнү максат кылган», - деп айтты.
Хасан (жакшы) Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيأسباب النزول