Skip to content

Кайсы бир пенде башка пенденин айыбын жашырса, анын айыбын Аллах кыямат күнү жашырат.

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген:

«Кайсы бир пенде башка пенденин айыбын жашырса, анын айыбын Аллах кыямат күнү жашырат».

«لَا يَسْتُرُ عَبْدٌ عَبْدًا فِي الدُّنْيَا إِلَّا سَتَرَهُ اللهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ».

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эгерде мусулман адам өзүнүн мусулман бир тууганынын кайсы бир иштеги айыбын жашырса, анда Аллах Таала Кыямат күнү анын айыбын сөзсүз жашыраарын баяндады. Анткени, сыйлык-сооп жасалган амалга жараша болот. Аллахтын айыптарды жашыруусу – анын (пенденин) айыптарын жана күнөөлөрүн Махшар элине жарыя кылбай жашыруусу менен болот, ошондой эле ал күнөөлөрү үчүн суракка албай жана ага эскертпей коюусу аркылуу болушу да мүмкүн.

Хадистин пайдалары

Мусулман адам күнөө кылганда, ошол эле учурда анын жамандыгын токтотуп, ага насыят айтып жана Аллахтан коркутуу менен бирге айыбын жашыруу туура болот. Ал эми жамандык жана бузукулук ээлеринен болуп, күнөөсү менен бузукулугун жарыя кылгандарга келсек, аларды жашыруу жакшы эмес. Анткени аларды жашыруу – күнөөлөрдү тайманбай кылууга түрткү берет. Тескерисинче, анын ишин башчыларга билдирүү керек, бул анын айыбын айтуу менен болсо да. Анткени ал өзүнүн бузукулугун жана күнөөсүн ачык жарыя кылууда.

Башкалардын каталарын жашырууга үндөө.

Күнөөлөрдү жана кемчиликтерди жашыруунун пайдаларынан: күнөөкөргө өз катасын түшүнүп, Аллахка тообо кылууга мүмкүнчүлүк берүү. Анткени күнөөлөрдү жана кемчиликтерди ачыкка чыгаруу бузукулукту жайылтуу болот, коомдук чөйрөнү бузат жана адамдарды аны жасоого шыктандырат.

Булактар

Сахих Муслим (4/ 2002) (2590).

Сахих Муслим (4/ 2002) (2590).

Дагы (16)

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (1/ 329).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (1/ 255).

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (4/ 533).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (3/ 14).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (1/ 329).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (1/ 255).

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (4/ 533).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (3/ 14).