Skip to content

Аллах жолунда сарптаган динарың, кул азат кылууга сарптаган динарың, кедейге садака кылган динарың жана үй-бүлөңө сарптаган динарың, булардын ичинен сообу эң көбү – өз үй-бүлөңө сарптаган динарың.

التصنيف الشرعي
الفقهالزكاةصدقة التطوع

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айтты:

«Аллах жолунда сарптаган динарың, кул азат кылууга сарптаган динарың, кедейге садака кылган динарың жана үй-бүлөңө сарптаган динарың, булардын ичинен сообу эң көбү – өз үй-бүлөңө сарптаган динарың».

«دِينَارٌ أَنْفَقْتَهُ فِي سَبِيلِ اللهِ، وَدِينَارٌ أَنْفَقْتَهُ فِي رَقَبَةٍ، وَدِينَارٌ تَصَدَّقْتَ بِهِ عَلَى مِسْكِينٍ، وَدِينَارٌ أَنْفَقْتَهُ عَلَى أَهْلِكَ أَعْظَمُهَا أَجْرًا الَّذِي أَنْفَقْتَهُ عَلَى أَهْلِكَ». «دِينَارٌ أَنْفَقْتَهُ فِي سَبِيلِ اللهِ، وَدِينَارٌ أَنْفَقْتَهُ فِي رَقَبَةٍ، وَدِينَارٌ تَصَدَّقْتَ بِهِ عَلَى مِسْكِينٍ، وَدِينَارٌ أَنْفَقْتَهُ عَلَى أَهْلِكَ، أَعْظَمُهَا أَجْرًا الَّذِي أَنْفَقْتَهُ عَلَى أَهْلِكَ».

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) каржылоонун кээ бир түрлөрүн айтып, мындай деди: "Аллах жолунда казатка чыгуу үчүн сарптаган динарың, кулчулуктан азат кылуу үчүн сарптаган динарың, муктаж кедейге садака кылган динарың жана үй-бүлөңө, бала-чакаңа сарптаган динарың." Андан кийин Аллахтын алдында сообу эң көбү - үй-бүлөңө, бала-чакаңа жана өзүң каржылоого милдеттүү болгон адамдарга сарптаганың экенин кабарлады."

Хадистин пайдалары

Аллах жолунда сарптоонун эшиктеринин көптүгү.

Каржылоодо шартка жана зарылдыкка карап эң маанилүүсүн алдынкы орунга коюу. Буга бардыгын каржылоого мүмкүнчүлүк жетпеген учурда үй-бүлөнү каржылоо кирет.

Имам Навави сахих Муслимдин шархында мындай деген: "Үй-бүлөнү каржылоого кызыктыруу жана андагы сооптун улуулугун баяндоо. Анткени алардын ичинде туугандыгы себептүү каржылоо милдеттүү болгондор бар, кээ бирлерин каржылоо мустахаб болуп, ал садака жана тууганчылыкты бекемдөө болот, ошондой эле кээ бирлерине никеси же кол астында (күңү) болгондугу себептүү каржылоо милдеттүү болот. Мунун баары абзел жана ага кызыктырылган, ошондой эле ал нафил садакадан да абзел."

ас-Синдий мынтип айткан: "Анын «Үй-бүлөсүнө сарптаган динары» деген сөзүнөн максат, эгер ал муну менен Аллахтын ыраазычылыгын ниет кылып, үй-бүлөнүн акысын берүүнү максат кылса."

Абу Килаба айтат: "Жаш балдарын камсыз кылып, аларды сурануудан, муктаждыктан чыгаруудан өткөн сооптуу каржылоо болмок беле?!"

Булактар

Сахих Муслим (2/ 692) (995).

Сахих Муслим (2/ 692) (995).

Дагы (16)

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (3/ 156).

نزهة المتقين بشرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (1/ 291).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (1/ 374).

تطريز رياض الصالحين.

لفيصل آل مبارك (ص209).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (3/ 156).

نزهة المتقين بشرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (1/ 291).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (1/ 374).

تطريز رياض الصالحين.

لفيصل آل مبارك (ص209).