Skip to content

Аллахка жерлердин эң сүйүктүүсү – мечиттер, ал эми Аллахка эң жек көрүлгөн жерлер – базарлар.

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: Чындыгында, Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтты:

«Аллахка жерлердин эң сүйүктүүсү – мечиттер, ал эми Аллахка эң жек көрүлгөн жерлер – базарлар».

«أَحَبُّ الْبِلَادِ إِلَى اللهِ مَسَاجِدُهَا، وَأَبْغَضُ الْبِلَادِ إِلَى اللهِ أَسْوَاقُهَا».

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төмөндөгүчө кабарлады: Аллах Таалага эң сүйүктүү жайлар – мечиттер. Анткени алар – ибадат үйлөрү жана алардын негизи такыбалыкка курулган. Ал эми Аллахка эң жек көрүлгөн жайлар – бул базарлар. Анткени ал жерлер көбүнчө алдамчылыктын, көз боёмочулуктун, сүткордуктун, жалган ант ичүүнүн, убадага турбоонун жана Аллахты зикр кылуудан жүз буруунун орду болуп саналат.

Хадистин пайдалары

Мечиттердин ыйыктыгы жана мартабасы; анткени алар Аллахтын ысымы көп эскериле турган үйлөр.

Аллах Тааланын сүйүүсүнө жана ыраазычылыгына жетүү максатында мечиттерге байланууга жана аларга көп каттоого үндөө. Ошондой эле, Аллахтын каарына себеп боло турган иштерге кириптер болуудан сактануу үчүн, зарыл муктаждык болмоюнча базарларга каттоону азайтууга чакыруу.

Имам Навави минтип айткан: "Мечиттер – ырайым түшүүчү жай, ал эми базарлар анын карама-каршысы."

Булактар

Сахих Муслим (1/ 464) (671).

Сахих Муслим (1/ 464) (671).

Дагы (16)

نزهة المتقين.

لمجموعة من الباحثين (2/ 1250).

بهجة الناظرين.

لسليم الهلالي (3/ 305).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (6/ 655).

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (21/ 526).

نزهة المتقين.

لمجموعة من الباحثين (2/ 1250).

بهجة الناظرين.

لسليم الهلالي (3/ 305).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (6/ 655).

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (21/ 526).