Skip to content

Мусулмандын мусулман бир тууганынын алдындагы алты акысы бар». Сахабалар: «Оо, Аллахтын Элчиси! алар кайсылар?»- деп сурашканда, ал минтип жооп берди: «Жолуккан кезде салам бер! Чакырган жерге бар! Насаат сураса ак насаатыңды айт! Чүчкүрүп "Алхамдулиллах" дегенде, "Ярхамукаллах" деп дуба кыл! Ооруп калса зыярат кылып абалын суро жана бул дүйнөдөн өтсө жаназасына катыш!

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

«Мусулмандын мусулман бир тууганынын алдындагы алты акысы бар». Сахабалар: «Оо, Аллахтын Элчиси! алар кайсылар?»- деп сурашканда, ал минтип жооп берди: «Жолуккан кезде салам бер! Чакырган жерге бар! Насаат сураса ак насаатыңды айт! Чүчкүрүп "Алхамдулиллах" дегенде, "Ярхамукаллах" деп дуба кыл! Ооруп калса зыярат кылып абалын суро жана бул дүйнөдөн өтсө жаназасына катыш!». .

«حَقُّ الْمُسْلِمِ عَلَى الْمُسْلِمِ سِتٌّ» قِيلَ: مَا هُنَّ يَا رَسُولَ اللهِ؟، قَالَ: «إِذَا لَقِيتَهُ فَسَلِّمْ عَلَيْهِ، وَإِذَا دَعَاكَ فَأَجِبْهُ، وَإِذَا اسْتَنْصَحَكَ فَانْصَحْ لَهُ، وَإِذَا عَطَسَ فَحَمِدَ اللهَ فَسَمِّتْهُ، وَإِذَا مَرِضَ فَعُدْهُ وَإِذَا مَاتَ فَاتَّبِعْهُ».

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулмандын мусулман бир тууганына болгон акысы алтоо экенин баян кылган. Алар: Биринчиси: Ага жолукканда «Ассалааму алейкум»,- деп салам айтса, ал «Уа алейкумуссалаам",- деп жооп кайтарат. Экинчи: Тойго же ушул сыяктуу мааракеге чакырса баруу. Үчүнчүсү: Эгер ал насаат сураса, ага насаат кылуу, ага кошомат кылбоо же аны алдабоо керек. Төртүнчүсү: Эгерде чүчкүрүп: «Алхамду лиллаах» деп айтса, ага: «Ярхаму каллаах» деп айтуу. Ал жооп кылып: «Яхдикумуллааху уа юслих баалакум» деп айтат. Бешинчиси: Эгер ооруса, зыярат кылып кабар алат. Алтынчысы: Ал бул дүйнөдөн өткөндө жаназа намазына турат жана жерге берилгенге чейин акыркы сапарга узатып барат.

Хадистин пайдалары

Имам Шаукани мынтип айткан: «Анын (Мусулмандын акысы) деген сөзүнүн мааниси – аны калтырууга жол берилбейт жана аны аткаруу же милдеттүү өкүм, же калтырууга жол берилбеген милдеттүү өкүмгө окшогон бекемделген сүннөт болот».

Эгер салам берилген адам жалгыз болсо, саламга жооп кайтаруу парз айн. Ал эми жамаат болсо, алардын бирөөсүнүн жооп кайтаруусу жетиштүү болот. Ал эми саламды озунуп биринчи айтуу негизи сүннөт болуп саналат.

Оорулууну зыярат кылуу — анын мусулман бир туугандарынын алдындагы милдеттеринин бири. Анткени бул иш бейтаптын жүрөгүнө кубаныч менен бейпилдик тартуулайт. Ошондой эле ал — фарз кифая.

Эгерде анда күнөө иштер болбосо, чакырган жерге баруу — важиб. Эгер тойго чакырса, шариятта кандайдыр бир жүйөлүү себеп болбосо, ага баруу көпчүлүк аалымдардын пикиринде — важиб. Ал эми тойдон башка жыйындарга чакырса, көпчүлүк аалымдардын пикиринде ага баруу — мустахаб.

Чүчкүргөн адамдын Аллахка мактоо айтканын уккан адамга «ярхамукаллах» деп айтуу милдеттүү.

Ислам шариятынын кемчиликсиздиги — анын коомдук жана ыймандык байланыштарды, ошондой эле коом мүчөлөрүнүн арасындагы сүйүү-махабат мамилелерин бекемдөөгө өзгөчө көңүл бургандыгында.

(Фасаммитху). Айрым нускаларда чекитсиз «син» жана чекиттүү «шин» тамгалары менен «фашаммитху» деп да келет. Мунун мааниси — жакшылык жана береке тилеп дуба кылуу. «Ташмийт» сөзүнүн мааниси: «Аллах сени душмандын табалоосунан алыс кылсын жана душманың табалай турган нерселерден сактасын». Ал эми «тасмийт» сөзүнүн мааниси: «Аллах сени туура жолго баштасын».»

Булактар

Сахих Муслим (4/ 1705) (2162).

Дагы (6)

منحة العلام في شرح بلوغ المرام.

لعبد الله الفوزان (10/ 7).

توضيح الأحكام من بلوغ المرام.

للبسام (3/ 128).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (1/ 327).