Skip to content

Аллахым, мен Өзүңдөн туура жолду, такыбалыкты, күнөөдөн оолак болууну жана пенделерге беймуктаж болууну суранамын.

Абдуллах ибн Масуд (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айтчу:

«Аллахым, мен Өзүңдөн туура жолду, такыбалыкты, күнөөдөн оолак болууну жана пенделерге беймуктаж болууну суранамын».

«اللهُمَّ إِنِّي أَسْأَلُكَ الْهُدَى وَالتُّقَى، وَالْعَفَافَ وَالْغِنَى».

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дубаларынын бири төмөнкүдөй болгон: «Аллахым, мен Өзүңдөн туура жолду» акыйкатты таанып, ага амал кылуу болгон түз жолду, «такыбалыкты» буйруктарды аткарып, тыюу салынган нерселерден алыс болууну, «күнөөдөн оолак болууну» сөз же иш-аракеттеги арам жана оорунсуз (жарашыксыз) нерселерден тыйылууну, «жана пенделерге беймуктаж болууну» башкача айтканда, Улук Раббимен башка эч кимге муктаж болбоону суранамын.

Хадистин пайдалары

Бул сыпаттардын артыкчылыгы: туура жол, такыбалык, аруулук жана беймуктаждык, ошондой эле алар менен сыпатталууга үндөө.

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өзүнө пайда да, зыян да жеткире албайт. Буга ээлик кылуучу Зат – Аллах Таала.

Макулуктарга пайда жана зыян берүү, ошондой эле туура жолго салуу жалгыз Аллахтын гана колунда. Ага эң жакын периште да, жиберилген пайгамбар да жана алардан башкасы да муну кыла албайт.

Булактар

Сахих Муслим (4/ 2087) (2721).

Сахих Муслим (4/ 2087) (2721).

Дагы (20)

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (1/ 146).

تطريز رياض الصالحين.

لفيصل المبارك (ص68).

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (2/ 183).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (1/ 528).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

مجموعة من الباحثين (1/ 104).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (1/ 146).

تطريز رياض الصالحين.

لفيصل المبارك (ص68).

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (2/ 183).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (1/ 528).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

مجموعة من الباحثين (1/ 104).