Skip to content

Эй, Абу Зар! Шорпо бышырсаң, суусун көбөйтүп, кошуналарыңдан кабар ал

Абу Зар (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан:

"Эй, Абу Зар! Шорпо бышырсаң, суусун көбөйтүп, кошуналарыңдан кабар ал."

«يَا أَبَا ذَرٍّ إِذَا طَبَخْتَ مَرَقَةً فَأَكْثِرْ مَاءَهَا، وَتَعَاهَدْ جِيرَانَكَ».

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Абу Зар ал-Гифарини (Аллах андан ыраазы болсун) эгер шорпо бышырса, суусун жана шорпосун көбөйтүп, кошуналарынан кабар алууга үндөгөн.

Хадистин пайдалары

Кошуналарга жакшы мамиле кылууга кызыктыруу.

Кошуналардын ортосунда белек берүү мустахаб. Анткени бул махабатты пайда кылат жана сүйүүнү күчөтөт. Эгерде тамактын жыты чыкса жана кошунанын муктаждыгы билинсе, бул белек берүү дагы да баса белгиленет.

Аз болсо да, колдон келишинче жакшылык кылууга жана мусулмандарга кубаныч тартуулоого кызыктыруу.

Булактар

Сахих Муслим (4/ 2025) (2625).

Дагы (6)

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (1/ 386).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (3/ 175).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (1/ 301).