Skip to content

Ачкаларды тойгузгула, оорууларды кабар алгыла, туткундарды бошоткула.

Абу Муса ал-Ашари (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

"Ачкаларды тойгузгула, оорууларды кабар алгыла, туткундарды бошоткула".

«أَطْعِمُوا الجَائِعَ، وَعُودُوا المَرِيضَ، وَفُكُّوا العَانِيَ».

Бухари жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ачка адамдын курсагын тойгузуу, оорулуу кишини зыярат кылуу жана туткунду бошотуу мусулмандын мусулман бир тууганына болгон акыларынан экенин баян кылган.

Хадистин пайдалары

Мусулмандар ортосунда жардам берүүгө чакыруу.

Тамак-ашка муктаж болгон ачка адамга тамак берүүгө үндөө, анткени ага тамак берүүгө буйрук кылынган.

Оорулуунун көңүлүн көтөрүү, ага дуба кылуу, сооп табуу жана башка максаттарда андан кабар алуу шариятта көрсөтүлгөн.

Эгер каапырлар туткундап алса, туткунду бошотуп алууга аракет кылуу. Бул алардан куткарып алуу үчүн кун-акы төлөө, же каапырлардын туткунуна алмаштыруу, башкача айтканда, алмашуу жолу менен болот.

Булактар

Сахих ал-Бухари (7/ 67) (5373).

Сахих ал-Бухари (7/ 67) (5373).

Дагы (8)

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (4/ 468).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (1/ 685).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (4/ 468).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (1/ 685).