Мен пендемдин күмөнүндөгүдөймүн, ал Мени эстесе Мен аны менен биргемин.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтты:
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан: «Улуу, Ызаттуу Аллах айтат: Мен пендемдин күмөнүндөгүдөймүн, ал Мени эстесе Мен аны менен биргемин. Эгер ал өз алдынча эстесе Мен да аны өз алдынча эстеймин. Эгер бир жамаатын алдында эстесе, Мен аны аларга караганда жакшыраак жамаатын алдында эстеймин. Эгер ал Мага бир карыш жакындаса, Мен ага бир чыканак жакындаймын. Эгер ал Мага бир чыканак жакындаса, Мен ага бир кулач жакындаймын. Эгер ал Мага басып келсе, мен ага чуркап барамын».
قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «يَقُولُ اللهُ عَزَّ وَجَلَّ: أَنَا عِنْدَ ظَنِّ عَبْدِي، وَأَنَا مَعَهُ حِينَ يَذْكُرُنِي، فَإِنْ ذَكَرَنِي فِي نَفْسِهِ ذَكَرْتُهُ فِي نَفْسِي، وَإِنْ ذَكَرَنِي فِي مَلَإٍ ذَكَرْتُهُ فِي مَلَإٍ خَيْرٍ مِنْهُ، وَإِنِ اقْتَرَبَ إِلَيَّ شِبْرًا، تَقَرَّبْتُ إِلَيْهِ ذِرَاعًا، وَإِنِ اقْتَرَبَ إِلَيَّ ذِرَاعًا، اقْتَرَبْتُ إِلَيْهِ بَاعًا، وَإِنْ أَتَانِي يَمْشِي أَتَيْتُهُ هَرْوَلَةً».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Тааланын минтип айтканын кабарлайт: Мен пендемдин күмөнүндөгүдөймүн, Мен кулума анын Мага болгон күмөнүнө жараша мамиле кылам. Бул — Аллахтан жакшылык үмүт кылуу жана Анын кечириминен үмүт үзбөө менен болот. Мен ага Өзүмдөн эмнени күтсө — мейли ал жакшылык болсун же башка нерсе болсун — ошону берем. Ал эми ал Мени эстегенде, Мен ага Өз мээримимди, ийгилигимди, туура жолумду, камкордугумду жана колдоомду тартуулоо менен бирге болом. Эгер ал жалгыз калып, тасбих, тахлил же башкалар менен Мени өз алдынча эстесе, Мен да аны Өз алдынча эстеймин. Эгер ал Мени жамаатта эскерсе, Мен аны алардан да көп жана жакшыраак жамаатта эскерем. Кимде-ким Аллахка бир карыш өлчөмүндө жакындаса, Аллах аны көбөйтүп, ага бир чыканак жакындайт. Эгер ал ага бир чыканак өлчөмүндөй жакындаса, ал ага бир кулач өлчөмүндөй жакындайт. Эгер ал Аллахка басып келсе, Ал ага чуркап келет. Пенде Раббисине ибадат кылуу жана Ага жүздөнүү менен жакындаса, анда Рабби (Аллах) Таала анын иш-аракетине жараша сооп-сыйлык катары аны Өзүнө дагы да жакындатат. Момун адамдын Раббисине болгон кулчулугу канчалык толук болгон сайын, ал Ага ошончолук жакындайт. Аллахтын берген жакшылыгы жана сооп-сыйлыгы пенденин кылган амалынан жана мээнетинен алда канча көбүрөөк болот. Жыйынтыктап айтканда, Аллахтын сооп-сыйлыгы сапаты жана саны жагынан да амалдан жогору (көбүрөөк) турат. Ыймандуу адам Аллахка жолукканга чейин жакшы күмөн кылып, жакшы иш-аракеттерди кылат, жакшылыктарга шашат жана аларды улам көбөйтөт.
Бул хадис пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Раббисинен риваят кылган хадистерден. Мындай хадистер кудсий же илахий хадис деп аталат. Анын айтылышы жана мааниси Аллахтан, бирок кудсий хадис Курандын башкалардан айырмаланып турган өзгөчөлүктөрүнө ээ эмес. Мисалы, Куранды окуу ибадат экендиги, аны даарат менен кармоо, андайды эч ким жаза албастыгы, мужизалыгы ж.б.
Аль-Ажурри айткан: «Чындыгында, акыйкат ээлери Аллах Азза ва Жаллды Ал Өзүн (Азза ва Жалл) кандай сыпаттаган болсо, ошондой эле Анын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аны кандай сыпаттаган болсо жана сахабалар (Аллах алардан ыраазы болсун) Аны кандай сыпаттаган болсо, ошондой сыпатташат. Бул – динге бидат киргизбестен ээрчиген аалымдардын жолу». Сөзү аяктады. Ошентип, Ахлу Сунна Аллах Таала Өзүнө таандык кылган ысым-сыпаттарды бурмалабастан, маанилерин жокко чыгарбастан, кандай экенин акылга салбастан жана окшотпостон бекемдешет. Ал Өзүнөн эмнени четке каккан болсо, алар да Аллахтан ошону четке кагышат. Ошондой эле четке кагуу да, бекемдөө да айтылбаган нерселер тууралуу унчугушпайт. Аллах Таала айткан: (Ага окшогон эч нерсе жок жана Ал – Угуучу, Көрүүчү).
Аллахка жакшы күмөн кылуу сөзсүз амал менен коштолуусу керек. Хасан ал-Басри айткан: «Чындыгында, ыймандуу пенде Раббисине жакшы күмөн кылып, жакшы амал кылат. Ал эми бузуку адам Раббисине жаман күмөн кылып, жаман амал кылат».
Куртуби айтат: "«Мен пендемдин күмөнүндөгүдөймүн» дегендин мааниси мындай деп айтылган: дуба кылганда кабыл болот деп жакшы күмөн кылуу, тообо кылганда кабыл болот деп жакшы күмөн кылуу, кечирим тилегенде күнөөсү кечирилет деп жакшы күмөн кылуу жана Аллахтын чын убадасына бекем ишенүү менен ибадатты шарттарына ылайык аткарганда сооп берилет деп жакшы күмөн кылуу. Ошол себептен инсан Аллах кабыл кылып, кечирет деген бекем ишеним менен өзүнүн милдеттерин аткарууда аракет кылуусу зарыл. Анткени Аллах буга убада берген жана Ал убадасын бузбайт. Ал эми Аллах амалын кабыл кылбайт жана ал ага пайда бербейт деп ишенүү же күмөн кылуу – бул Аллахтын ырайымынан үмүт үзүү болуп саналат жана ал чоң күнөөлөргө кирет. Ким ушул ишеним менен жашап өтсө, жогоруда айтылган хадистин кээ бир риваяттарындагы: «Пендем Мага карата каалагандай күмөн кылсын» дегендей, ал өз күмөнүнө тапшырылат. (Куртуби) айтты: «Ал эми күнөөнү токтотпой туруп кечирилет деп күмөн кылуу – бул анык наадандык жана алдануу»."
Аллахты ичтен жана тил менен биргеликте көп-көп эстеп зикир кылууга кызыктыруу. Ичинен жана жүрөгүнөн Аллахтан коркуп, Анын улуктугун жана акысын эстеп, Андан үмүт кылып, Аны улуктап, Аны жакшы көрүп, Ага карата жакшы күмөндө болуп жана амалды Ага гана калыс кылып, ошондой эле тил менен: «Субханаллах, Алхамдулиллах, Лаа илааха иллаллах, Аллаху Акбар, Лаа хавла уа лаа куввата иллаа биллах» деп айтуу.
Ибн Абу Жамра айтты: "Ким Аны корккон абалында эскерсе, Ал аны амандыкка бөлөйт, же жалгызсыраган абалында эскерсе, Ал аны жубатат (жалгызсырганын кетирет)."
Шибр (карыш:) алаканды жазганда чыпалактын учунан баштап баш бармактын учуна чейинки аралык. Зираа (чыканак): ортонку манжанын учунан баштап чыканак сөөгүнө чейинки аралык. Ал эми бааь (кулач): адамдын эки билегинин, колдун эки үстүнкү муунунун жана көкүрөгүнүн туурасынын узундугу; бул төрт чыканак өлчөмүнө барабар.
Сахих ал-Бухари (9/ 121) (7405).
Сахих Муслим (4/ 2067) (2675).
Дагы (11)
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (17/ 151).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (5/ 516).
منار القاري شرح مختصر صحيح البخاري.
حمزة محمد (5/ 372).
الجواب الكافي لمن سأل عن الدواء الشافي أو الداء والدواء (ص25).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (2/ 510).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (2/ 983).