Кимде-ким тоодон боюн таштап өзүн-өзү өлтүрсө, ал тозок отунда болот жана ал жакта түбөлүктөн-түбөлүккө калып, өзүн таштай берет.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
«Кимде-ким тоодон боюн таштап өзүн-өзү өлтүрсө, ал тозок отунда болот жана анда түбөлүктөн-түбөлүккө калып, дайыма өзүн таштап турат. Жана кимде-ким уу ичип өзүн-өзү өлтүрсө, уусу колунда болот жана тозок отунда түбөлүктөн-түбөлүккө калып, аны дайыма ичип турат. Жана кимде-ким өзүн-өзү темир менен өлтүрсө, темири колунда болот жана тозок отунда түбөлүктөн-түбөлүккө калып, аны менен өз курсагына дайыма сайып турат».
«مَنْ تَرَدَّى مِنْ جَبَلٍ فَقَتَلَ نَفْسَهُ فَهُوَ فِي نَارِ جَهَنَّمَ يَتَرَدَّى فِيهِ خَالِدًا مُخَلَّدًا فِيهَا أَبَدًا، وَمَنْ تَحَسَّى سُمًّا فَقَتَلَ نَفْسَهُ فَسُمُّهُ فِي يَدِهِ يَتَحَسَّاهُ فِي نَارِ جَهَنَّمَ خَالِدًا مُخَلَّدًا فِيهَا أَبَدًا، وَمَنْ قَتَلَ نَفْسَهُ بِحَدِيدَةٍ فَحَدِيدَتُهُ فِي يَدِهِ يَجَأُ بِهَا فِي بَطْنِهِ فِي نَارِ جَهَنَّمَ خَالِدًا مُخَلَّدًا فِيهَا أَبَدًا».
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул дүйнөдө атайылап өз жанын кыюудан эскерткен. Анткени ал адам Кыямат күнү тозок отунда тиешелүү жаза катары бул дүйнөдө өз жанын кандай кыйса, так ошондой жол менен жазаланат. Кимде-ким тоодон боюн таштап өз жанын кыйса, ал тозок отунда түбөлүктөн-түбөлүккө тозоктун тоолорунан анын ойдуңдарына кулай берет. Кимде-ким уу ичип өз жанын кыйган болсо, анда ал тозок отунда колундагы ууну түбөлүктөн-түбөлүккө ичип турат. Ал эми кимде-ким өзүнүн ичине темир сайып өз жанын кыйса, анда ал тозок отунда колундагы темири менен түбөлүктөн-түбөлүккө өз ичине сайып турат.
Адам өзүн өзү өлтүрүүсү арам иш. Өз жанын кыюу – жан чыдагыс азапка татыктуу кыла турган чоң күнөөлөрдөн.
Хадисте айтылгандар өз жанын кыюунун кээ бир түрлөрүнө мисал катары гана айтылган. Негизинен, адам кандай гана жол менен өз жанын кыйбасын, ал өзүнө эмне кылган болсо, ошол нерсе менен жазаланат. «Сахих ал-Бухарийде» Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айткан сөзү келген: «Ким өзүн-өзү муунтуп өлтүрсө, ал тозокто да өзүн муунтат. Ал эми ким өзүн сайып өлтүрсө, ал тозокто да өзүн сайат».
Имам Навави мынтип айткан: "Ал эми Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Ал тозок отунда түбөлүктөн-түбөлүккө калат», – деген сөзүнө келсек, бул тууралуу бир нече ойлор айтылган. Биринчиси: Бул анын арам экенин билип туруп, аны адал санап жасаган адамга карата айтылган. Андай адам каапыр болот жана бул анын жазасы. Экинчиси: Түбөлүк калуудан чыныгы чексиздик эмес, өтө узак убакыт жана узак мөөнөткө калуу максат кылынган. Бул кудум: «Аллах падышанын бийлигин түбөлүк кылсын», – деп айтылгандай. Үчүнчүсү: Бул анын тийиштүү жазасы, бирок Аллах Таала ырайым кылып, мусулман болуп өлгөн адамдын тозокто түбөлүк калбай турганын кабарлаган."
Бул – акыреттеги жазалардын дүйнөдөгү кылмыштарга шайкеш келүүсүнүн бир көрүнүшү. Мындан адам баласынын өз жанына жасаган кылмышы күнөө жагынан башка бирөөгө жасаган кылмышындай экендиги түшүнүлөт. Анткени анын жаны толугу менен анын менчиги эмес, тескерисинче, ал Аллах Таалага таандык. Ошондуктан, ал аны өзүнө уруксат берилген нерселерде гана колдоно алат.
Сахих ал-Бухари (7/ 139) (5778).
Сахих Муслим (1/ 103) (109).
Дагы (4)
البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (3/ 306).
إرشاد الساري لشرح صحيح البخاري (8/ 414).
المفهم لما أشكل من تلخيص كتاب مسلم (1/ 310).
عمدة القاري شرح صحيح البخاري (21/ 291).
Китептерде келтирилген
3 КитептерДагы (3)
- اللآلئ المضيئةعَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رضي الله عنه عَنِ النَّبِيِّ ﷺ قَالَ: “ مَنْ تَرَدَّى مِنْ جَبَلٍ فَقَتَلَ نَفْسَهُ فَهُوَ فِي نَارِ جَهَنَّمَ يَتَرَدَّى فِيهِ خَالِدًا مُخَلَّدًا فِيهَا أَبَدًا وَمَنْ تَحَسَّى سُمًّا فَقَتَلَ نَفْسَهُ فَسُمُّهُ فِي
- قاموس الكبائرموسوعة الكبائر - المجموعة الثانية«مَنْ تَرَدَّى مِنْ جَبَلٍ فَقَتَلَ نَفْسَهُ، فَهُوَ فِي نَارِ جَهَنَّمَ يَتَرَدَّى فِيهِ خَالِدًا مُخَلَّدًا فِيهَا أَبَدًا، وَمَنْ تَحَسَّى سُمًّا فَقَتَلَ نَفْسَهُ، فَسُمُّهُ فِي يَدِهِ يَتَحَسَّاهُ فِي نَارِ جَهَنَّمَ خَالِدًا مُخَلَّدً
- نبراس طالب (4)1«مَنْ قَتَلَ نَفْسَهُ بِحَدِيدَةٍ فَحَدِيدَتُهُ فِي يَدِهِ يَتَوَجَّأُ (يُضرب) بِهَا فِي بَطْنِهِ فِي نَارِ جَهَنَّمَ خَالِدًا مُخَلَّدًا فِيهَا أَبَدًا»